Пример HTML-страницы

Баткендеги ээн жерде 8 адамдын өмүрү кыйылды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 22-ноябрда саат 20:00 чамасында Баткен районунда 8 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, кырсык Ош—Раззаков унаа жолунун 212-чакырымында (Развилка аймагы) болгон. Ал жерде «Опел» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. «Опел» унаасында 5 адам келе жаткан. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болгон.

Алардын ичинен 5 адам бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экендиги айтылууда. 3 адам ооруканага алып бара жатканда көз жумган. Мерт кеткендердин ичинен 5 адам Бужум айылынын, 2 адам Баткен шаарынын, 1 адам Кара-Булак айылынын тургундары болгон. 1 адам оор абалда ооруканага жеткирилген.

Развилка аймагы Баткен районунун Чоң-Талаа айылында жайгашкан. Ал жерде буга чейин аткезчиликке бөгөт коюу максатында стационардык ведомстволор аралык атайын бекет орнотулуп, иштей баштаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE