Пример HTML-страницы

Баткендеги чек арага чектеш айылда төрөлгөн Максат Италияда модель болууга жетишти

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткендин Тажикстан менен чектеш айылында төрөлгөн Максат Аззамов моделдик бизнести өздөштүрүп, Италияда эмгектенип жатат. Мекендеш менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Максат Аззамов 1997-жылы 18-майда Баткен районунун Чоң-Талаа айылында төрөлгөн. Бул айыл Тажикстандын Исфара районунун Ляккан айылы менен чектешет. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу, эки карындашы жана бир иниси бар.

«2004-жылы айылдагы мектептин босогосун аттадым. Бир жылдан кийин ата-энем менен Бишкек шаарына көчүп келгенбиз. 2-3-классты №68 Алыкул Осмонов атындагы мектепте окудум. 2006-жылы Беловодск айылына көчүп келип, орус тилдүү Беловодск атындагы орто мектебине киргем. Мектепти аяктагандан кийин №3 колледжде автоэлектрик адистиги боюнча билим алдым. Бирок кесибим боюнча иштеген жокмун.

Мен Беловодск айылында орус тилдүү мектепте окугам. Мектепте жыл сайын «Веселые старты» деген иш-чара өтөт. Анда ар бир класс бири-бири менен жарышчу. Башында бий, анан чуркоо болот. Жарышууга мен дагы бий бийлеп катышып жүргөм. Жаш кезимден өзүмдү актёр катары элестетип, кыялданчумун. 2017-жылы Москва шаарына барып, ресторандардын бирине жумушка орноштум. Ал жерде алгач «кальянщик» болуп иштедим. Көп өтпөй жетекчиден суранып, бармен болуп иштеп баштадым. Алгач стажер, андан кийин жөнөкөй бармен жана атайын аттестациядан өткөндөн кийин башкы бармен болууга жетиштим. Бирок аттестацияга келгенде ресторан жетекчиси мага жардам берип, 3 ай ичинде эле жетекчи бармен кылып койду. Убакыт өткөн сайын кофеге ар кандай латте тартып, профессионал болуп калдым. Анткени колуң үйрөнүп калат экен. Ошентип 4 жыл иштедим. Чынында көбүнчө ичимдиктин даамы деле маанилүү эмес. Баары өзүнө көңүл буруу үчүн келишет. Дайыма келген коноктор менен сүйлөшүп, көңүл бурат элем. Ал убакта баары «кайсыл жактан орус тилин үйрөндүң?» деп таң калышчу», — деди ал.

Максат Аззамов мигранттык жашоодогу кыйынчылыктар жана моделдик карьерасы тууралуу да айтып өттү.

«Алгачкы күнү эле иштеген жеримде ресторан жетекчиси «кара футболка, жинсы, өзүңө жаккан бут кийим кийип кел» деп айтты. Ал убакта Москвага жаңы келип, кийимге да акчам жок болчу. Байкемдин кара көйнөгүн алып, жинсы кийип, анан бутума макаси кийип чыктым. Ошол мезгилде залда чогулуш болуп жатыптыр. Менин кийингенимди көрүп, баары күлүп жиберди. Ичимден аябай капа болуп, ошол күнү интернеттен «кантип кийим алуу керек, кантип кийинүү керек?» деп стиль жөнүндө маалымат ала баштадым. Биринчи айлыгымды алып эле, кийинүүгө шаштым. Мага ошол окуя аябай катуу түрткү болду.

Кийин биринчи иштеген ресторан жабылып, башка ресторанга которулдум. Ал жактан башка персонал менен таанышып, алар да күндө модель болуп көрүүнү сунуштап башташты. Мен жумушчулардын оюна макул болуп, аракет кылдым. Инстаграмдан «Мастер класс в модельную школу» деген жазууну көрүп калдым. Жазылып, ал жерге барып, ошол күндөн кийин модель деген профессияны жакшы көрүп калдым. Бир жылдан кийин менин үстүмдөн күлгөн адамдар телефон чалып, «бизге кийим тандашып, жардам берчи» деп суранып башташты. Ошентип 2020-жылы моделдик карьерамды баштадым.

2020-жылы январь айында мастер-класска барып, биринчи жолу студияда сүрөткө тартышты. Андан көп өтпөй Москвада коронавируска байланыштуу карантин башталды. Үч ай үйдөн чыга албай, Кыргызстанга да кете албай калдык. Ал убакта чач тарачтар иштебей, үч айда чачым өсүп баштады. Дайыма узун чач каалайт элем, бирок ата-энем каршы болчу. Карантин бүткөндө чачым узун болуп, көнүп калдым. Ресторанда график 2 күн жумуш, 2 күн эс алуу болчу. Анан социалдык тармак аркылуу фотографтарга жазып баштадым. Башында көп фотографтар кабыл алган жок. Акырындан эс алуу күндөрү фотографтар менен жолугуп, сүрөткө түшүп баштадым. Ошентип 2020-2021-жылдары өзүмө портфолио чогултуу үчүн акысыз иштедим. Ал кезде жакындарым да «чачыңды ал, сүрөткө түшкөн болбойт» деп уруша баштады, бирок өзүмдүн жүрөгүмдү уктум», — деди ал.

Ал учурда Германиядагы, Италиядагы моледик агенттиктер менен иштешип жатат.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE