Пример HTML-страницы

Баткенде журналист Арзыгүл Галымбетованын элесине арналган спорттук мелдеш өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында маркум журналист Арзыгүл Галымбетованы классташтары эскерип, спорттук мелдеш уюштурушту.

Арзыгүл Галымбетова 2003-жылы Баткен шаарындагы Сыдык Айтматов атындагы орто мектебин аяктаган. Быйыл мектепти аяктаганына 20 жыл болмок. Аны эскерип классташтары шаар ичиндеги кыз-келиндер арасында волейбол, мырзалар арасында футбол мелдешин өткөрүштү. Спорттук иш-чарага буга чейин мектепти аяктаган классташтар катышты.

Жеңүүчүлөргө Арзыгүл Галымбетованын классташтары тарабынан акчалай сыйлыктар жана белектер берилди.

——————————————

Turmush басылмасынын Баткен облусундагы кабарчысы Арзыгүл Галымбетова 2022-жылы 26-мартта көз жумган. Ал Баткен шаарында жерге берилген.

Арзыгүл Галымбетова 1984-жылы 24-ноябрда Баткен шаарында туулган.

2009-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде журналистика жана информатика факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун 2007-жылы «Эхо Манас» телерадиокомпаниясында алып баруучу болуу менен баштаган.

2007-2008-жылдары «Кыргызстан обондору» радиостанциясында кабарчы жана радио алып баруучу болгон.

2008-2009-жылдары «КТР ОБО» гезитинде кабарчы болуп эмгектенген.

2010-жылдан бери АКИpress маалымат агенттигинде кабарчы, Баткен облусундагы өкүлү болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE