Пример HTML-страницы

Баткенде сарайды жалын каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 3-апрелде саат 17:00 чамасында Баткен районунун Чек айылында сарай өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жерине 4 өрт өчүрүүчү-куткаруучу тартылып, саат 18:56да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен сарайдын 96 метр чарчы аянты күйүп, 89 даана шифер, 30 даана айырмач (стропила), 196 метр рейка жана 396 таңгакталган тоют чөп күйүп кеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Адамдар жабыркаган жок.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE