Пример HTML-страницы

Баткенде күч түзүмдөрүнүн спорттук мелдештери өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-майда Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы маданият үйүндө ИИМдин ички аскерлеринин №707 аскер бөлүгүнүн «Шер» отрядынын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, салтанаттуу аземге ички аскерлер, Баткен облусундагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана Баткен облусундагы мамлекеттик администрациясынан өкүлдөр катышты. Кызматтык ишин аткарууда өзгөчөлөнгөн аскерлер медаль, грамота жана башка баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул майрамга карата күч түзүмдөр ортосундагы достукту бекемдөө жана жаш кызматкерлерди спортко кызыктыруу багытында 23-24-май күндөрү Баткен шаарындагы күч түзүмдөрүнүн ортосунда спорттун волейбол жана кичи футбол түрү боюнча мелдештер уюштурулган. Волейбол оюнуна күч түзүмдөр арасынан 8 команда катышып, I орунга ӨКМ, II орунга АБП, III орунга Баткен ОИИБдин командасы ээ болду.

Кичи футбол боюнча жалпысынан 14 команда ойноп, жыйынтыгында I орунга АБП, II орунга Чек ара кызматы, III орунга УКМК, IV орунга Баткен РИИБ ээ болуп, кубок жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. «Мыкты дарбазачы», «Мыкты коргоочу», «Мыкты оюнчу» номинациялары боюнча акчалай сыйлык жана грамоталар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE