Пример HTML-страницы

Баткенде ишкерден 1 295 482  сомдук курулуш материалдарын алып, качып кеткен жаран изделүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде ишкерди алдоо жолу менен ири суммадагы чыгымга учураткан жаран изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облустук милициясына Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну арыз менен кайрылып, алдамчылык жолу менен ири суммадагы чыгым алып келген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүүнү суранган.

2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда талкаланган курулуштарды калыбына келтирүүдө Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 57 үйдүн курулушу менен Лейлек районунун тургуну — 1967-жылы туулган Д.К. алектенмей болгон.

2023-жылдын январь, февраль айларында жабырлануучудан мурда товар алып акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехинен жалпы суммасы 1 295 482 сомдук курулуш материалдарын алып, «2023-жылдын 26-мартына чейин акчасын алып келип беремин» деп алдап, убадалаган убактысында акчасын бербестен, байланышка чыкпай, качып кеткен.

Бул факт боюнча Баткен ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2023-жылдын 16-майында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмүнүн (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери Б.Б. боюнча маалыматы бар жарандардан төмөнкү номурлар аркылуу байланышууну суранышат: 03622 5-01-24, 0555-57-50-70, 0557-78-62-78.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE