Пример HTML-страницы

Баткенде дарыялар тоңуп, үстүн муз каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарында суу тоңуп, шаарды таза суу менен камсыз кылууда көйгөй жаралды.

Шаар мэри Алтынбек Мурзажановдун маалыматы боюнча, учурда шаарда күнүгө 3-4 саат суу берилип, кайра токтотулуп жатат.

«Айдаркен тоолуу аймак болгондуктан аба ырайы абдан суук. Шаарды таза суу жана сугат суусу менен камсыз кылган Гавиан дарыясы тоңуп калууда. Аба ырайы күндүз -18 градустун -32 градуска чейин төмөндөп жатат. Дарыя башынан чыгып, музду жарып, суу айдап жатабыз. Ошентсе да кайра тоңуп жатат», — дейт ал.

Ошондой эле Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылында тоо тарабынан агып түшкөн Кожошкен дарыясынын баш жагы муз болуп тоңуп калды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, акыркы 3-4 күндүн ичинде аба ырайы кескин төмөндөп кеткенине байланыштуу дарыянын агымы токтоп, тоңуп турат.

Кожошкен дарыясынын суусун негизинен Кадамжай, Баткен райондору жана кошуна Өзбекстан пайдаланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE