Пример HTML-страницы

Баткенде бир айылдан каза болгон 4 чек арачыны эскерүү иш-чарасы болуп өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-тажик жаңжалында Баткен шаарындагы айылдан 4 жигит мекен үчүн курман болгон. Маркум баатырларды эскерүү иш-чарасы өтүп, Кызыл-Жол орто мектебине аскерге чейинки даярдык каанасы ачылганын аймакык кабарчы билдирди.

Ага Каныбек уулу Дурусбектин ысымы ыйгарылып, «Баатырлар унутулбайт» бурчу уюштурулду. Баатырлар бурчунда Каныбек уулу Дурусбектин, Пакыридин уулу Өмүрбектин, Абдибахап уулу Султанбектин жана Медербек Камчиевдин сүрөттөрү, өмүр баяны, мектепте жана мекенге кызмат өтөгөн мезгилде алган сыйлыктары, алкыш баракчалары, ыраазычылык каттары, дипломдору, медалдары жайгаштырылды.

Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылынын тургуну — чек арачы Каныбек уулу Дурусбек 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара аткылашуусунда каза болсо, ошол эле айылдын жашоочулары — чек арада кызмат өтөгөн Пакыридин уулу Өмүрбек, Абдибахап уулу Султанбек жана Медербек Камчиев 2021-жылдын апрель айындагы кыргыз-тажик кагылышуусунан улам каза тапкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE