Пример HTML-страницы

Баткен шаарынын 2 көчөсүнүн кыймылын бир багытта кылууга макулдук берилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен шаарынын 2 көчөсүнүн кыймылын бир багытта кылууга макулдук берилди. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечимди шаардык кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 25-марттагы сессияда кабыл алышты. Анын негизинде Баткен шаарынын Сайдиман ажы көчөсү батыштан чыгышты карай (М.Нургазиев көчөсүнөн М.Салихов көчөсүнө) бир багыттуу, И.Панфилов көчөсү чыгыштан батышты (Салихов көчөсүнөн М.Нургазиев көчөсүнө) карай бир багыттуу унаа кыймылын жүргүзүлүүгө макулдук берилди.

——————————————————-

2018-жылы Баткен шаарынын борбордук М.Салихов көчөсүнүн эки тарабы 2 метрден кеңейтилип, асфальт төшөлгөн. Ага катар эле эки тарабына тротуарлар жасалган. Жолду оңдоонун жалпы сметалык баасы 14 млн 400 миң сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE