Пример HTML-страницы

Баткен шаарында жетекчилик кызматта иштеген Батырбек Кожомбердиев көз жумду

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Кожомбердиев Батырбек Абдимиталипович бүгүн, 23-ноябрда көз жумду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, маркум 43 жашта болчу. Ал бүгүн Баткен шаарында акыркы сапарга узатылат.

— — — — — — — — — — — — — — — — —

— Батырбек Кожомбердиев 1980-жылы 22-августта Баткен районунун Таян айылында жарык дүйнөгө келген. Адистиги боюнча юрист. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору болгон.

— Алгач эмгек жолун 2004-жылы Баткен РЭС ишканасынын юристи болуп иштөө менен баштаган. Аталган ишканада 2012-жылга чейин эмгектенген.

— 2013-2016-жылдары Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин юристи болуп иштеген.

— 2018-жылы Баткен шаарынын мэриясынын юристи, башкы адиси кызматтарын аркалаган.

— 2020-жылдын 16-октябрынан Баткен шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы болгон.

— 2020-жылдын 12-июлунан тарта Баткен шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси административдик муниципалдык кызматын аркалап келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE