Пример HTML-страницы

Баткен шаарында уурулук кылмышка шектелген 3 жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында уурулук кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шаардын Кызыл-Жол кварталынын 54 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, 2-марттан 3-мартка караган түнү белгисиз адамдар анын 70 миң сомдук баш бодо малын уурдап кеткенин билдирген. Бул факты Баткен ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Баткен ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынан Баткен шаарынын 20 жаштагы Ф.С., 24 жаштагы Т.М. жана 22 жаштагы Т.Д. аттуу тургундары кармалды. Уурдалган бодо мал өз ээсине кайтарылып берилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE