Пример HTML-страницы

Баткен шаарында белгисиз жазуулар пайда болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында түн ичинде тосмолордун дубалдарына белгисиз адамдар кара өңдүү боёк менен түшүнүксүз коддорду жазып кетишкенин аймактык кабарчы билдирди.

Шаар тургундары дубалдарга жазылган мындай жазуулардан чочулап турушат.

«Мен Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталында жашайм. 26-август күнү кечинде биздин дубалга кара боек менен жазуу түшүрүлүптүр. Бул бир эле менде эмес, кошуналардын тосмолорунда, шаардын башка кварталдарында да ушуга окшош жазуулардын пайда болгону кооптонтуп жатат. Анткени, бул белги ар кандай азгырыктарга чакырык болушу мүмкүн. Ата-энелер балдарын катуу көзөмөл кылса дейбиз. Антпесек баары интернет желесинде отурушат. Мындай жазуулар менен азыгырылып калышпасын. Колдон келишинче өчүрүп салдык. Ички иштер органдары да тыкыр карап жатышат», — дейт шаар тургуну Асанали Бердишев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE