Пример HTML-страницы

Бакай-Атадагы мектеп-гимназияга компьютерлер жана техникалык каражаттар тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы Досманбет Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясына 20дан ашуун компьютер жана техникалык каражаттар тапшырылды. Бул тууралуу аталган мектептен кабарлашты.

Маалыматка караганда, алар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоордун алкагында алынган. Компьютердик класска компьютерлер үчүн 15тен стол, 15тен стул жана системалык блок үчүн 15тен тумба берилди.

Тизме:

— 21 компьютер;

— 6 проектор;

— 2 тармактык коммутатор;

— 1 көп функционалдуу жабдык (принтер, көчүрүү, сканер);

— UPS (үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылуу жабдыгы).

Мындан сырткары, мектеп-гимназияда 5 мультимедиалык класс ачылды. Бул математика жана табигый так илим (STEAM) предметтерин окутуу процессинде инновациялык методикаларды жана электрондук материалдарды колдонууга мүмкүндүк берет. Математика жана табигый так илим предметтерине (физика, химия, биология, география) басым жасоо менен 5-11-класстар үчүн электрондук форматтагы кошумча окуу материалдарын камтыган санариптик платформаны түзүүгө техникалык жардам көрсөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE