Пример HTML-страницы

Байгелүү орундарды алып жүргөн Саматтын тайгандары Сауд Арабияга чейин барып келишкен

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Ильич айылынын 23 жаштагы тургуну Самат Байдылдаев кичинекей кезинен баштап тайган багууга кызыгат. Анын бул ишке келишине атасы себепкер болгон. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

«Тайгандарды жакшы көрүп калышыма атам Жолдош Абдыкалыков себепкер болду. Ал өзү бала кезинен тайгандарды багып келген. Эсимде, 10 жашымда Алчын деген тайганыбыз бар болчу. Аны менен атам экөөбүз Чолпон-Атадагы оюндарга барып, байге алганбыз. Бир гана Алчын эмес, алдыңкы орундарды алып жүргөн тайгандарыбыз көп болчу. Ошентип тайгандарды багууга кызыгуум артып, алектене баштагам. Аларды өстүрүп, кээде сатчубуз, бирок азыркыдай бааланчу эмес. Кемин өрөөнү тоого жакын, аӊчылыкка ылайыктуу эмеспи. Атам кез-кезде аӊчылыкка тайгандары менен чыкчу. Кызыгы, дайыма олжолуу кайтып келчү.

Жогоруда байгелүү орундарды алып жүргөн тайгандарыбыз көп болгон деп айтпадымбы. Ага мисал катары Дос деген тайганымды айтсам болот. Ал дагы бир канча байгелерди алып, ал тургай 2019-жылы Сауд Арабияда өткөн фестивалга катышкан. Тилекке каршы бул тайганым кийин өлүп калды. Ушул тайганды күчүк кезинде бир тайга алмаш дешкен. Бирок саткан эмеспиз. Андан бери тайган сатып же сатып ала элекпиз.

Ошол эле 2019-жылы Кожомкулдун 130 жылдыгына карата Суусамырда оюндар өтүп, биздин Алгыр аттуу тайганыбыз бир жашында чоң тайгандарды басып өтүп, биринчи орунду алган. Ал эми жакында эле өткөн “Тайган Фест” этно-фестивалында бул Алгыр экинчи орунду камсыздады. Жарыш маалында шыйрагынан жаракат албаганда 1-орунду алмак. Алгырдын баасы жок. Тактап айтканда сатылбайт. Анткени ал үй-бүлөбүздүн бир мүчөсүндөй эле болуп калды», — деди ал.

Каарманыбыз кесиби, келечектеги максаттары тууралуу айтып берди.

«Азырынча үйлөнө элекмин. Ата-энем менен бирге жашайм. Быйыл программист кесибин алып чыктым.

Келечекте атамдан үйрөнгөн өнөрүмдү балдарыма өткөрүп берсем дейм. Анткени мен жана менин үй-бүлөм иттерди абдан жакшы көрөбүз», — деди ал.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE