Turmush — Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кара-Суу районундагы абал
25-апрель күнү саат 09:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел Ош—Сары-Таш—Эркештам унаа жолунун болжол менен 40-44 чакырым аралыгын каптаганы тууралуу маалымат түшкөн. Тазалоо иштерин жургүзүү максатында № 959 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана ЖТИнин башчысы барып, саат 11:10дө жол бир тараптуу ачылган. Учурда толук тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Алай районундагы абал
25-апрель күнү саат 09:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак, Кең-Жылга жана Олжоке айылындарындагы турак үйлөрдүн короосун, ички чарбалык жолду каптаганы тууралуу маалымат түшкөн. Тактоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Алай районундагы бөлүмүнүн башчысы жетектеген ыкчам топ жана Кароол айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылган.
Өзгөн районундагы абал
25-апрель күнү саат 07:00 чамасында Ак-Жар айыл аймагынын жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел Большевик айылындагы толук курулуп бүтө элек сел кармоочу тосмонун жээгинен ашып, каптап кетүү коркунучу жаралган. Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 20 куткаруучу тартылып, бекемдөө иштерин жүргүзүүдө.
Кара-Кулжа районундагы абал
25-апрель күнү саат 09:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген шагыл аралаш сел Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайку унаа жолунун болжол менен 48-80 чакырым аралыктарынын жээктерин каптаганды тууралуу маалымат түшкөн. Тазалоо иштерин жургүзүү максатында №26 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган. Учурда унаа жол эки тараптуу ачык.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.