Пример HTML-страницы

Азамат Токтоналиев Бишкек ШИИБдин жетекчи кызматына көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Токтоналиев Азамат Шейшенбекович Бишкек ШИИБдин башчысы кызматына дайындалат.

Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына өздүк булактар ​​билдирди.

Буга чейин АКИpress агенттиги өз булактарына таянуу менен Ногойбаев Азамат Болотбекович Бишкек ШИИБдин башчысы кызматынан бошотулганын билдирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мындай чечим ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бир катар кызматкерлеринин кармалышы боюнча өткөн кезексиз коллегияда кабыл алынган.

Жыйында 18 жетекчи тартиптик жазага тартылган. Алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулган. Калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулган.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын кызмат ордуна Талас ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын полковниги Козукеев Азенбек Рахматиллаевичтин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, алдын ала маалыматтар боюнча, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Тантиев Асрол Ахраловичтин талапкерлиги Талас ОИИБдин башчысынын орун басары кызматына көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE