Пример HTML-страницы

Ат-Башыда чакыруу түшкөн жерге барган милициянын капитаны күтүлбөгөн окуяга дуушар болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунда чакыруу түшкөн жерге барган милиция кызматкерине каршылык көрсөтүп, формасын айрышкан. Сотто окуянын чоо-жайы белгилүү болду.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, кылмыш ишке себеп болгон окуя Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында болгон. Кубат (О.К.Т., аты өзгөртүлдү) менен Самат (К.С.А., аты өзгөртүлдү) өз милдетин аткарып жаткан милициянын аймактык бөлүмүнүн башчысы — милициянын капитаны Эрмектин (М.Э.Ж., аты өзгөртүлдү) мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартышкан. Алар мас абалында Эрмекти жулмалап, чалып, кийип жүргөн кызматтык формасын тартып, айрып жиберишкен.

  • Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, милиция кызматкери жеңил жаракат алганы аныкталган.

Сот отурумунда айыпталуучулар күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Алардын айтымында, окуя болгон күнү катуу кызуу болгондуктан милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес. Кубат менен Самат кечирим сурап, мындан ары мындай окуя кайталанбай турганын жана алардын жашоо шарттарын, үй-бүлөлүк абалын эске алуу менен жеңил жаза колдонууну суранышты.

Ал эми жабырлануучу Эрмектин айтымында, Баш-Кайыңды айылына арыз-даттанууну чечүү үчүн барган. Ал жерден Кубат жана Саматтын каршылыгына дуушар болгон. Алар анын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, Кубат кызматтык формасынын оң ийин тушун тартып, капитан наамы тагылып турган погонду жулуп жиберген. Ал эми Самат аны чалып жиберген кезде жерге кулап түшкөн. Алар качып кеткенге аракет кылып жатканда башка милиция кызматкерлери жардам берип, арачага түшүшкөн.

Күбө катары суралган милиция кызматкеринин айтымында, 2023-жылдын 29-июнунда милиция бөлүмүнүн башчысы Эрмек телефон чалып, жардамга чакырган. Алар Баш-Кайыңды айылына жардамга келишкенде Эрмек эки жаран менен жулмалашып жатканын көрүп, дароо бир жаранды арачалап кармаган. Эрмектин кызматтык формасынын оң ийини айрылып, капитан наамындагы погону жерге түшүп, кийимдери топурак-чаң болуп калган. Айыпталуучулар мас абалында болгонун жана оозго алгыс сөздөрдү айтканын көрсөттү.

Жыйынтыгында Ат-Башы райондук сотунун 2023-жылдын 14-августтагы өкүмү менен айыпталуучулар Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттары (адамдардын тобу тарабынан, бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен) боюнча күнөөлүү деп табылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде пробациялык көзөмөл колдонуу менен жазадан бошотулду. Алар 1 жылга пробациялык көзмөлгө алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE