Пример HTML-страницы

Алар жергиликтүү чөйрөгө көнүп калышты

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районуна караштуу Беш-Таш коругуна коё берилген маралдарга мүйүз чыга баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жаратылыш сакчылары билдиришти.

«Облус боюнча экологияны коргоо бөлүмүндө иштеген бардык кызматкерлер, аңчылар кезек менен Беш-Таш жаратылыш паркын кайтарып жатабыз. Өзүңүздөр билгендей, жакында эле Алтайдан 35 марал алынып келип, коё берилген. Учурда аларда мүйүз пайда болуп баштады. Биздин чөйрөгө көнүп калышты», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин облус жетекчилигинен Таласка Алтайдан маралдар алынып келинерин билдиришкен.

Маалыматка караганда, президенттин 2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгына ылайык иштер жүргүзүлүп жаткан. Талас облусунун жетекчиси Бакыт Нарбековдун Россиянын Алтай Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунун Үр-Марал (Үйүр-Марал) өзөнүндө антропогендик себептерден улам жок болуп кеткен маралдардын популяциясын калыбына келтирүү, көбөйтүү максатында Алтайдан 35 баш марал алынып келинип, корукка коё берилмек болгон.

Видео Алтайдан тартылган

1-майда Алтайдан Талас облусуна 35 баш марал алып келишкен.

Маалым болгондой, маралдар Талас районуна караштуу Беш-Таш коругуна кое берилди. Талас жергесине маралдарды багуу боюнча Илимдер академиясы тарабынан атайын аныкталган корутунду чыгарылган. Алар жарандарга 20 күндөн кийин көрсөтүлүп баштамак.

Маралдарды алып келүүгө демөөрчүлөр тарабынан 2,5 миллион сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE