Пример HTML-страницы

Алайда сел жүрүп, үйлөрдү каптап, унааларды, көпүрөнү агызып кетти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 3-майда Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май , Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылдарын бириктирген көпүрөнү, тамдарды, унааларды сел агызууда. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Эрлан Шамырза уулу билдирди.

Маалым болгондой, бул айылдарда кыска аралыкта жаап өткөн каттуу жаандан улам сел жүргөн. Учурда үйлөрдү суу каптап жатат. Дарактарды да агызууда. Канча тамды агызганы белгисиз.

Ал эми Ош облусунун жетекчилигинин маалыматына караганда, бүгүн саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Алай районунун Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарында кокту-колоттордон суу түшүп, сел жүргөн. Сел турак үйлөрдүн короолоруна кирген, жарандар жабыркаган эмес. Гүлчө айылы менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү сел алып кеткен. Учурда жарандар айылдагы башка көпүрө менен каттап жатышат. Жарандык коргонуу штабынын өкүлдөрү, тиешелүү кызматтар жеринде иш алып барууда. Ал эми сел алып кеткен көпүрө 2 күн ичинде калыбына келтирилет. Кырдаал президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жеке көзөмөлүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE