Пример HTML-страницы

Алайда үйлөрү кызыл аймакка кирген тургундар көйгөйүн козгоду

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо айылындагы 84 турак үй кызыл зонага киргендиктен жашоочулар пенсия, балдарга жөлөк пул ала албай келишет. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен болгон жолугушууда билдиришти.

Алардын айтымында, мындан 26 жыл мурда 84 үй кызыл аймакта жайгашкан деп табылган.

«Бул облустук деңгээлде чечиле турган маселе. Таш-Короо айылында 26 жыл мурда кызыл аймакка кирип калган 84 үй бар. Белгисиз себептер, болбогон иштердин арты менен кирип калган. Бизге түшүнүксүз. Азыр бул үйлөрдүн документтери жок. Ушул убакка чейин жаш балалуу адамдар жөлөк пул ала албай келет. Кары-картаң ата-энелерибиз пенсияга чыга алабай жатат. Андан сырткары кызыл зонага киргизгенде үйлөр шахмат абалында киргизилген. Бул да бизге түшүнүксүз», — деди тургун.

Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Тагайбековдин айтымында, аталган аймактагы 84 үй көчкү жүрүү коркунучу бар жерде жайгашканы аныкталган. Бул жерлерде келечекте сөзсүз көчкү жүрөт деген пирин айтты.

«Таш-Короодо аталган үйлөр жайгашкан айылда көчкү жүрүү кооптуулугу бар. Үстүндө көчкү бар. Туш тарабы көчкү, көчкүнүн калдыктары. Жалпы 84 үй кызыл зонага киргенден кийин ӨКМдин мониторинг, божомолдоо департаменти талдап кеткен. Бул жер жамгыр көп жааган мезгилде жылат. Ошондуктан кызыл аймакка кирген. Буларга мамлекет тарабынан субсидия, жер, элге көчүү мүмкүнчүлүгү берилген. Учурда көчпөй жатышат. Бул жер акыр түбү баары бир көчөт, келечеги жок. Кызыл аймакка кирген жердин кооптуулугу алынбайт, кооптуу бойдон калат», — деди ал.

Алай районуну боюнча жалпы 14 айыл өкмөт бар. Анын ичинде 10 айыл өкмөткө караган айылдарда жер көчкү жүрүү кооптуу жогору аймактар бар. Будалык айыл өкмөтүндө 181 үй-бүлө ушундай аймактарда жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE