Пример HTML-страницы

Аксыда ок тийген адам ооруканага жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болду

Акыркы жанылыктар

Turmush25-мартта Аксы районунда ок тийген адам өзүнө келбей каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Жалал-Абад ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Аксы районуна караштуу Разан-Сай айылынын 51 жаштагы тургуну октон жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон. Таш-Көмүр ШИИБдин тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүп, далил буюм катары «ИЖ-16» үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу курадлы, 1 октолгон гильза, 2 атылган гильзаны табышкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Разан-Сай айылынын 2 тургуну ичип олтурушуп уруша кетишкени такталган. Кылмышка шектүү катары Аксы районунун тургуну 1973-жылы туулган Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү тергөөдө көрсөтмө берип, маркум менен спирт ичимдигин ичип отурган учурда ал (маркум киши) үйдө турган мылтыкты алып, асманга атканын айтты. Андан соң дагы октоп, аны көздөй мээлеген убакта жетип барып мылтыкты талашып жатып, атып жиберген.

Окуя болгон аймак Аксы районуна карагандыгына байланыштуу материал Аксы РИИБге өткөрүлүп берилген. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иш козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE