Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын «Соң-Көл» көк бөрү командасы республикалык мелдешке жолдомо утуп алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунун «Соң-Көл» көк бөрү командасы райондор аралык мелдеште 1-орунду багындырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, команда 2024-жылдын 18-февраль күнү өткөрүлө турчу республикалык мелдешке катышуу үчүн Нарын облусунун райондор аралык тандоо турунда ийгиликке жетишти. Алар менен район акими Жумадилла Жапаров жолугушуп, аларды ак калпак кийгизип сыйлады.

Ак-Талаа райондук көк бөрү федерациясынын президенти Кубан Карагулов республикалык мелдешке жолдомо алышкандыгын айтты.

«Бизде райондор аралык тандоо туру башталып, биз 3 утушка ээ болгонбуз. Алгач Ак-Талаа районунун, Жумгал районун жана Ат-Башы районунун утуп алганбыз. Анын негизинде Нарын облусунун көк бөрү федерациясы республикалык мелдешке жолдомону бизге берди. 18-февралда өтө турчу мелдешке даярдыктарды баштадык. Биздин команда Ак-Талаа районунун 17 айылындагы күчтүү оюнчулардан түзүлгөн», — деди Карагулов.

«Соң-Көл» командасынын оюнчулары;

— Ырысбек Аманбеков

— Бексултан Мирланов

— Жамгырчы уулу Тобокел

— Мелисбек уулу Бекжан

— Урмат Кумарбеков

— Мирбек уулу Бакай

— Кубанычбек уулу Нураалы

— Дөөлөтбек Нурманбетов

— Эркинбек уулу Шаршанбек

— Дастан Русланов

— Таалайбек уулу Адилет

— Нарынбек уулу Кубат

— Качкынбек уулу Мунарбек

— Өмүрбек Бактыбеков

— Чыңгыз Чормоков команданын жетекчиси.

— Эмилбек уулу Субан команданын машыктыруучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE