Пример HTML-страницы

Ак-Талаадагы ветеринарлар Соң-Көл жайлоосуна шашылыш жөнөп кетишти. Министрлик эмне дейт?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Соң-Көл жайлоосунда белгисиз оорудан өлүп жаткан малдардын санын аныктоо үчүн ветадистердин тобу жөнөп кетишкендигин район акими Жумадилла Жапаров билдирди.

Буга чейин Тоголок Молдо айылынын тургундары Соң-Көл жайлоосунда мал-жандыктар белгисиз оору менен ооруп, айрым малдар өлүп жаткандыгын кабарлашкан. Буга байланыштуу райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын жетекчилиги баш болгон ветадистердин тобу Соң-Көлгө жөнөп кетишкен.

«Соң-Көлгө ветадистердин тобу жөнөп кетти. Эмне оору экендигин аныктап, тактап келишет. Андан кийин ага жараша ыкчам чаралар көрүлөт. Бул боюнча дагы кошумча маалымат беребиз», — деди аким Ж.Жапаров.

Ал ортодо тургундар өлгөн малдарды кол арабага салып, чуңкурга ыргытып жатышканын айтышты.

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын маалыматына караганда, Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосунда мал-жандыктар арасындагы жугуштуу ылаңдар боюнча түзүлгөн эпизоотиялык жагдай тууралуу Ветеринардык башкармалыктын адистери тарабынан изилдөө иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, жайлоодогу ветеринардык тейлөөнүн уюштурулушуна мониторинг жүргүзүү, чыгашага учурап жаткан мал-жандыктардын өлүмүнүн себептерин жеринен анализдөө максатында Веткызмат тарабынан жана Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун адистери менен биргеликте комиссия түзүлүп, изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн Соң-Көл жайлоосуна чыгып кетти.

«Эпизоотиялык мониторингдин жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын негизинде так маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE