Пример HTML-страницы

Ак-Сууга тоо лыжа базасын куруу үчүн Швейцариядан инвесторлор келди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык жана Кереге-Таш айылдарынын тоосуна лыжа база куруу боюнча Швейцария өлкөсүнөн инвесторлор келишти. Бул тууралуу Кереге-Таш айыл өкмөтү Арстанбек Эмил уулу аймактык кабарчыга билдирди.

«Лыжа базасын куруу үчүн Швейцариядан келгендер чалгындоо иштерин жүргүзүп жатышыптыр. Биздин Кайырма-Арык тоосун көрүшүп, маалымат алышты. Бул тоодо лыжа тебүү үчүн узундугу 3800 метр болгон үч жолчо бар. Экстремалдуу, сүйүүчүлөр үчүн жана башталгыч лыжа тебүүчүлөргө. Ушул артыкчылыгы менен инвесторлорго жакты. Ошондой эле алар ылдый жакта бээ саап, боз үй менен эс алуучуларды көрүп, экотуризимди жыл бою иштетүү мүмкүнчүлүгү бар экени аларга жакты», — дейт айыл өкмөт башчы Арстанбек Эмил уулу.

Ак-Суу районуна лыжа база куруу үчүн бүгүнкү күнгө чейин 7 инвестор келгенин Кайрыма-Арык, Кереге-Таш лыжа базасын куруу долбоорунун жетекчиси Салават Имашов айтып өттү.

«Келген инвесторлордун баарына жаккан. Акыркы учурда макулдашуу жүрүп кол койгону жатканбыз. Пандемия башталып токтоп калды. Бул келген коноктор лыжа база куруу боюнча адистер экен. Алар көрүп жактырып кетишти. Долбоор ишке ашса, райондогу жашаган эл үчүн кирешелүү булак болуп калат эле», — дейт С.Имашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE