Пример HTML-страницы

Ак калпак качан пайда болгон?

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызда калпактын пайда болушу тууралуу ар кандай божомолдор айтылып келет. Нарын районунун тургуну Бурул Бекиева санжырачы Сыргак Сооронкуловдун айтуусундагы уламышты айтып берди.

«Азыр санжыра, тарыхтагы маалыматтар бурмаланып, калпактын тигилиши да ар кандай болуп калды. Өзүм калпак тикпейм, бирок энебиз тиккен, айтып берген. Мындан тышкары санжырачы Сыргак Сооронкуловдун калпактын пайда болушу боюнча да айтып бергени эсимде калыптыр. 7-кылымда уйгур менен кыргыздардын ортосундагы чабышта пайда болгон деп айтылып жүрөт.

Илгери Эрбол деген аксакалдын Алиман аттуу байбичеси жана жети уулу болот. Жоокер заманында, бөтөн эл кыргыз жерине кол салып турган маалда душмандар кыргыз айылын каптап кирет. Кечки маал балдардын атасы Эрбол душмандын колунан каза болот. Андан көп узабай кичүү уулу Шерболдун сөөгүн алып келишет.

Алты баланын бири энесинин этегине келип: “Кагылайын апа, кечир мени, Шерболду өзүм чаап алдым, караңгыда душман экен деп жаңылып чаап алдым” деп ыйлайт. Айласы кеткен Алиман: “Атасын жат өлтүрсө, баласын өз өлтүрсө, чогулткан балдарым кырылып бүтөт турбайбы” деп кайгырып, бутунун астында төшөлүп жаткан, өзү жаңы жасаган ак кийизди алып, бычак менен тилип, балдарынын баштарына бекем ороп берген экен. Бири-бириңерди билип, караңгы болсо да таанып, жаңылышпай чабышкыла деп жөнөтөт. Ошондон кийинки кагылыштан алты бала аман-эсен келет. Уулдары апасына алкыш айтып, шырылган ак кийиз бири-бирин тааныганга эле эмес, бир туугандардын бириге калып, душманды талкалаганга жардам бергенин айтышат. Аларды көргөн башка кыргыз энелер, келиндер уулдарына, ага-инилерине ак кийизден баш кийим ороп беришет. Бара-бара уз-чеберлер калпакты көркүн чыгара шөкөттөп алышат. «Ак калпак кийгенди кыргыз деп бил» деген сөз ошондон калган экен», — деди ал.

Улуттук баш кийимдин түрлөрү боюнча макаланы бул шилтемеден окуңуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE