Пример HTML-страницы

Ак балдын кандай пайдасы бар?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Айбек Мелисов бал аарыларды багат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде ак балдын пайдасы тууралуу айтып берди.

Өзүнүн айтымында, 16 жылдан бери аары багып келет. Ар бир райондогу балдын өзгөчөлүгү бар.

«Ат-Башы районунан эспарцеттен тартылган ак бал бренд болуп аталып калган. Лондон, Сеул, Москва жана башка шаарларда Ат-Башынын ак балы биринчи орунда турат. Эспарцет гүлдөгөн маалда аары башка өсүмдүктөргө конбойт. Ак балдын диастазасы (балдагы ферменттердин бири) 23%, нымдуулугу 18% болот. Ак бал диеаталык болуп саналат. Ошондуктан аллергия, кант диабети менен ооругандар ак бал жесе болот. Тоонун балынын диастазасы жогору, ферменттер көп болгондуктан жогоруда айтып өткөн оору менен ооругандарга болбойт. Мындан сырткары ак бал иммунитети начар болгондорго да сунушталат. Бул медицинада да далилденген», — дейт Айбек Мелисов.

Мындан сырткары балчы бир катар кеңештерди айтып өттү.

«Балчы аба ырайын алдын ала билип турушу керек. Ал жумуш күнүн пландоого жардам берип, аарылар жабык жайда күн өткөрөбү же эркиндикке чыгып келеби, буга кам көрөт. Узак мөөнөткө аба ырайын билүү — план курууга эң ыңгайлуу. Аарыларды качан бир жерден экинчи жерге ташуу, жемин канча көлөмдө даярдоо сыяктуу маселелерди чечкенге жардамы тиет. Балчелекчи санитардык талаптарга жооп берген, иштөөгө ыңгайлуу болгон кийим кийиши шарт. Бет жана дене бөлүгү аарылардан коргонуу үчүн жабык болушу зарыл. Айрымдары бетине торчо тагып, ак халат кийсе, айрымдары калың боз материалдан тигилген комбинезон кийишет. Айрым аарылар түктүү жана кара түстөгү кийимдерден жинин кашайтат», — деди ал.

Айбек Мелисовдун телефон номуру маалыматтын жабык бөлүгүндө.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE