Пример HTML-страницы

Айнеги караңгылатылып, кошумча жабдык орнотулган «Тойота Камри». Оштогу айдоочу айыпка жыгылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында унаасына кошумча жабдык орнотуп, терезесин караңгылатып алган айдоочуга 25 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин социалдык тармактарда ак түстөгү «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа кошумча жабдык менен жүргөндө тартылган видео тасма тараган.

Кечээ, 6-ноябрда саат 18:30 чамасында аталган унаа Ош шаарынын аймагынан кармалып, айып короого киргизилди. Айдоочуга унаасына кошумча жабдык орнотуп алганы үчүн 5500 сом, ал эми унаасынын алдыңкы жана каптал жагындагы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн 20 миң сом айып пул салынып, протокол түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE