Пример HTML-страницы

33 жаштагы Гүлнара Сыдыкова 5 кыздан кийин уул төрөдү

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 33 жаштагы тургуну Гүлнара Сыдыкова 5 кыз, 1 уулдун апасы. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Көк-Ой айылында туулган. Жолдошу экөө 2010-жылы баш кошкон.

«Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүргөн чакта эле көп балалуу болобуз деп көп айтчубуз. Өзүм дагы ичимден балдарым көп болсо экен деп кыялданчумун. Ошол тилегибизди кабыл кылып, 5 кыз, 1 уулдун ата-энеси болдук. Рабия, Саида, Элсина, Айэлина, Ясмина деген кыздарыбыздан кийин уулубуз Нурислам төрөлдү. Улуусу 11 жашта болсо, кичүүсү 3 жашта. Улам төрөт үйүнөн чыгып келе жатканда жолдошум кубанып алып келчү. «Кыз деген кызыл алтын. Кызы бардын назы бар. Биз байбыз» деп айтып калат.

Көп балалуу болгондо тажрыйбалуу да болуп каласың. Кош бойлуу учурда өзүңдү туура алып жүрсөң, дени сак балдар төрөлөт эмеспи. Көп ойлонбой, уруш-талаш жок жүрсөң, эч кандай көйгөй жок жакшы төрөйсүң. Анан да көп ыйлай бербеш керек.

Эсимде, бешинчи кызым менен кош бойлуу учурумда батир издеп абдан көп бастым эле. Толгоо жок, абдан жеңил төрөгөм, ошол учур эсимден кетпейт. Төрөттөн кийин дагы суу кармабай, чыйрыгып калбаш керек. Ошол процесс аялзатынын төрөттөн кийинки ден соолугуна маанилүү», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE