Пример HTML-страницы

23 жаштагы фермер Самат Асыкбаевдин чарбасындагы уй бир күндө 42 литр сүт берип, рекорд койгон

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин шаарынын тургуну Самат Асыкбаев үй-бүлөсү менен бирге сүт багытындагы уйларды багып жатат. Фермер арбасындагы уй бир күндө 42 литр сүт берип, рекорд койгонун Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

Самат Асыкбаев 2000-жылы 15-октябрда Кемин районунун Кемин шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөөлү, бир кыздын атасы.

«Ата-энемдер менен чогуу турабыз. Жакшы уйларды кармап, алардын үзүрүн көрүп, керек болгондо элге сатып, жаӊы алабыз. Бала кезимден бери мал менен чоңойдум, убагында бука багып, кой, жылкы дагы багып көрдүк. Эми саан уйларга токтолдук. Көбүнчө сүт-эт жана сүт багытындагы уйларды кармайбыз. Чарбабызда швиц, Ала-Тоо жана голштин породасындагы уйлар бар. Бирок акыркы мезгилдерде көбүнчө голштин породасына басым жасап жатам. Себеби алардын сүттүүлүгү көбүрөөк болот экен. Мисалы, Ала-Тоо породасындагы уй бир күндө жакшы бакканда 23-25 литр сүт берсе, голштин породасы 30 литр жана андан жогору сүт бере алат.

Азыр элеттеги жашоочулардын көпчүлүгү сүт багытындагы уйларды кармай баштады. Айылдагы элдин киреше булагына айланып бара жаткансыйт. Андан түшкөн акча жок дегенде күнүмдүк ичип-жегенине, кийингенине жетет. Эмгекти актаганы үчүн уйду көбөйтүүнүн үстүндөбүз. Азыркы учурда бир түк чөп 280-300 сомдун, 1 кг жем 21-22 сомдун айланасы болуп жатат. Сүттүн 1 литрин 27-28 сомдон үйдөн алып кетишет», — деди ал.

Самат Асыкбаев жакында мал доктур кесибине ээ болот. Ал кесиби чарбасы үчүн абдан жардам бергенин айтат. Мал доктурга акча коротпой, мал-жандыкты убагында өзү дарылап турат.

Жаш фермер 2021-жылы норвежский породасындагы уй бир күндө 42 литр сүт берип, рекорд койгонун белгиледи.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE