Пример HTML-страницы

18-19-кылымдарда кыргыздар кийген бут кийимдер

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде 18-19-кылымдарда ата-бабалар кийген бут кийимдер сакталуу. Анда чоң адамдардын жана жаш балдардын жыгачтан, булгарыдан жасалган бут кийимдери бар.

Музей комплекстин директорунун милдетин аткаруучу Хайрулло Ибайдиллаев экспонаттар тууралуу айтып берди.

«Бул жерде 33 миңден ашуун музей фондунун экспонаттары топтолгон. Анын ичинен 6694 экспонат археологиялык, 3702 экспонат этнографиялык, 19852и документтер жана сүрөттөр болсо, 1196 экспонат кол өнөрчүлүк буюмдары.

Этнографиялык буюмдардын арасында ата-бабаларыбыз 18-19-кылымдарда кийген бут кийимдер да сакталган. Жыгачтан, булгарыдан жасалган бут кийимдер музейге эл тарабынан тапшырылып, музей кызматкерлери аркылуу топтолгон», — деди ал.

1. Жыгачтан жасалган бут кийим 1997-жылы музейге кабыл алынган.

2. Булгарыдан жасалган бут кийим мурдагы Совет району, азыркы Кара-Кулжа районунан 1971-жылы алынып келинген.

3. Жаш балдардын бут кийими музейге 1981-жылы кабыл алынган.

«Бул бут кийимдерди кыш мезгилинде кийишкен деген варианттар бар. Бирок алыс жакка кие алышпаса керек», — дейт Х.Ибайдуллаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE