Пример HTML-страницы

10 миң долларга баалаган президент С.Жапаровдун портрети. Сүрөтчү аны качан баштаганын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 31-августта Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк майрамы жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси өтүп жатат.

Республикалык иш-чарага кол өнөрчүлөр, сүрөтчүлөр катышууда. Алардын бири Айдар Касымбеков президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн тартып келген. Аны кезинде 10 миң долларга баалаган.

«Мен бала кезден эле сүрөт тартууга кызыгам. Атам: «Чоңойгондо ким болосуң?» дегенде, «сүрөтчү болом» дечүмүн. Атам өзү белгилүү композитор болгон. Ал киши мени музыка жагына кетет деп ойлогон. Бирок мен сүрөт жагын тандап кеттим.

Президенттин сүрөтүн тартып келдим. Бул идея илгери эле чыккан. Анда Садыр Жапаров түрмөдө болчу. Ошондон бери тартылып келди. Кезинде 10 миң долларга баалаганбыз. Бирок президенттин өзүнө белек катары бердик», — деди ал.

Сүрөтчү 1977-жылы Бишкек шаарында жарыкка келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE