Пример HTML-страницы

Өзбекстандан качып келген кытайлык жаран Оштогу мейманканада жашынып жүргөн

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери 2023-жылдын 26-январь күнү жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Өзбекстан Республикасынын аймагында кылмыш жасап, ал жактан изин жашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Кытай Эл Республикасынын жараны — 44 жаштагы Чж.Д. колго түштү. Чет өлкөлүк жаран Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факт боюнча иликтөө иштерин Ош ОИИБдин тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE