Пример HTML-страницы

Жумгалдыктар президенттин сүрөтүнө кайрылып, «жалдырашты»

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 8-июнда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын эли райондук мамлекеттик администрациясына чогулушту. Анда алар союз маалынан бери колдонуп келе жаткан Сасык-Таш, Капкак-Туз, Биринчи-Суу, Экинчи-Суу жана Зындан аймагындагы жайыт жерлерге Миң-Куш айыл өкмөтү мыйзамсыз карта чийдиртип, тартып алгандарын, учурда кызыл-жылдыздыктар аталган жайыттарга кире албай, убайым тартып жатканын айтышты.

Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн эли 1976-жылдан бери «Чаек» колхозуна тийген аталган жерлерге мал жайып келген.

«Легендарлуу парламенттин депутаты, «Даңк» орденинин кавалери Керимкул Карабаев өмүрү өткөнчө аталган жерлерде топоздорун жайып келген. Кийин ал инсандын көзү өтүп, чектеш жайгашкан Миң-Куш айылынын эли жайыттардан Кызыл-Жылдыз элин кууп чыгышкан», — дешти чогулгандар.

Ошондой эле, жергиликтүү тургундар президент Садыр Жапаровдун акимчиликте илинген сүрөтүнө кайрылып, Чаек, Кызыл-Жылдыз жана Миң-Куш айылдарынын эли жайыт талашып, 3 эл тытышканы жатканын айтып, алардын маселесин чечип берүү өтүнүчүн келтиришти.

«Урматтуу президент, өзүңүз жок болсоңуз дагы сүрөтүңүзгө кайрылалы. Биздин жайыт маселебизди чечип бербесеңиз, Жумгал эли кыйналып бүттүк. Облустук өкүлчүлүктөн өкүлдөр келиптир. Бир кагазы жок. Эми кайра кетебиз жатышат.

Урматтуу президент, өзүңүз келбесеңиз дагы сүрөтүңүзгө жалдырап калдык. Көйгөйүбүздү чечип бербесеңиз болбой калды. Жайытка киргизбей, малыбызды кайра айдап келдик», — деди алар.

Жыйында белгиленгендей, өкмөттүн 1992-жылдагы токтому боюнча ал жайыттар «Өрнөк» колхозуна тиешелүү болгон. Бул жайыт жерлерин «Өрнөк» колхозунан (азыркы Кабак айыл өкмөтү) ижарага Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтү алып, чабандары мал багып келген. Кийин жайыт жерлер 2020-жылга чейин эч кимге берилбесин, кайсыл айыл өкмөтү колдонуп келсе, ошолордо болуп турсун деген токтом чыгарылган. Андан соң, ал токтом 2033-жылга чейин узартылып, күчүндө калтырылган. Бирок Миң-Куш айыл өкмөтү 2016-жылы чектеш жайыттарды инвентаризация кылуу менен аталган жайыттарды өздөрүнө каратып, дагы бир картаны чийдирип алышкан. Андан кийин «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү келип, өкмөттүн токтому жок эле картага Миң-Куштун жайыты кылып киргизип коюшкан. Бирок Айыл чарба министрлиги тарабынан бул карта каттоодон өтпөгөндүгү жана жараксыз экени тууралуу кат келген.

Ошентип жыйында аталган жайыт жерлер Миң-Кушка да, Кызыл-Жылдызга да тиешелүү эместиги, алар Кабак айыл өкмөтүнүн каттоосунда тургандыгы, салыгы төгүлүп жатканы белгиленди.

Буга чейин президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаевге жайыт тууралуу жазылган арыз боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Ал комиссия дагы келип, карталарды карап, бирок бир жыйынтыкка чыга алышкан жок. Мындан улам алар эртең, 9-июнда аталган жайлоолорго барып, жеринде тактоо иштерин жүргүзмөй болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE