Пример HTML-страницы

Жумгалдагы Калык Акыев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктады

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы Калык Акыев атындагы орто мектебинин жаңы имараты октябрь айында пайдаланууга берилет.

225 орундуу имарат 8 жыл мурун башталган. Ошол кездеги сметалык баасы 57 млн сомду түзгөн.

Калык Акыев атындагы орто мектебинде учурда 400гө чукул окуучу билим алат.

Район аймагында​ 4 мектеп республикалык бюджеттин эсебинен салынып жатат. Алардын бири —​ Баш-Кууганды айылындагы Шатман Садыбакасов атындагы орто мектебинин 275 орундуу имараты быйылкы окуу жылында пайдаланууга берилди. Учурда Таш-Дөбө жана Кабак айылдарындагы мектептердин курулуш иштери жүрүп жатат.

Район аймагында 24 жалпы​ билим берүү мекемеси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE