Пример HTML-страницы

Жумгалдагы «Чаек» автобекетинин мышык ыйларлык абалы (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун борборундагы бирден бир көрүнүктүү «Чаек» автобекетинин учурдагы абалы зээнди кейитет.

Мындай көрүнүшкө жергиликтүүлөр эл нааразы. Анткен ички жана тышкы жүргүнчүлөрдүн баары ушул жерден каттам жүргүзүшөт.

Бул жай буга чейин Чаек айыл өкмөтүнүн карамагында болсо, 2017-жылы жеке ишкерге берилген.

Ал бош жаткан жерге 2-кабаттуу имарат салып, айланасын тосуп, автобекет кылам деген ойдо көчө жак беттерин калбыр темир менен тосуп чыккан. Бирок арадан жылдар өткөнү менен калган талаптары аткарылбай азыркы абалы ушундай.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, «Чаек» автобекети мыйзамдуу жол менен ижарага берилген эмес. Келишим түзүлбөй жөн гана сүйлөшүү жолу менен 49 жылга жеке айдоочулардын бирине берилип кеткен.

Ал эми Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Актан Абдилов бул жер көп жылга ижарага берилгенин, бирок ал боюнча так маалыматы жок экенин ырастап, муну ошол кездеги айыл өкмөт башчысынан сурап алуусун өтүндү.

Учурда автобекеттин айланасы тосулган эмес, жүргүнчүлөр үчүн орундуктар орнотулган эмес.

Бул жерде Чаек—Бишкек каттамы аркылуу жүргүнчү ташыган жүздөгөн маршруттук таксилер бар. Күн сайын бир каттамга 150-200 гө чукул жүргүнчүнү ташып иштешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE