Пример HTML-страницы

Жиптерди боёп, ага «жан» киргизген кол өнөрчү кийизден түрдүү буюмдарды жасайт

Акыркы жанылыктар

TurmushТүрдүү түскө боёлгон жиптерден жана кийизден кол өнөрчүлүгүн өркүндөтүп, улуттук баалуулуктарга басым жасаган кол өнөрчү Кишимжан Сыдыкова Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылынын 56 жаштагы тургуну. Анын кол өнөрчүлүгү жана элет жергесиндеги жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Элетте төрөлүп, айыл турмушуна чыйралып жетилдим. Бойго жетип, ата-энеме жардам берүүгө жарагандан баштап, күндө таң эрте туруп, уй саап, сүт бышырып, тандырга нан жасап дегендей жашоо күндөрүн баштан кечирдим. Ошол жаш кезимде айылдык аялдардын топтолуп кийиз басканын, жиптерди казанга салып, түрдүү түскө боёгонун көп көрчүмүн. Кээде аралаша да калып, кол кабыш кылган күндөр күнү бүгүн да эсимде. Ооба, анда айылдык аялдардын кол өнөрчүлүк технологиясы өзгөчө эле. Кол күчү көп жумшалса да, өтө сапаттуу болчу. Ошентип, орто мектепти аяктап, Бишкектеги №77 кесиптик окуу жайынынан билим алдым. Андан соң, Кара-Балта шаарындагы тигүүчүлүк жайда 2 жылдай эмгектендим.

1992-жылы менин жашоомдо өзгөрүү башталды. Айылдагы өзүм билим алган К.Жуматаев атындагы орто мектепке барып, директордон мугалим болууну, көл өнөрчүлүктү жаштарга үйрөтүүнү сурандым. Агайым бир саам ойлоно: «Өзүбүздүн окуучубузсуң. Кол өнөрчүлүк боюнча жөнөдөмүңдү угуп жүрөм. Бирок, педагогикалык адистик алыш керек. Сырттан болсо да оку» деп, арызыма «Каршы эмесмин» деп кол коюп берди. Ошондо жашым 26да болсо да жаш баладай сүйүнүп, мектеп турмушу көз алдыма тартыла берди. Мезгил учкан куш экен. Мына, карасаңыз арадан 30 жыл өттү. Аралыкта агайдын сөзүн таштабай, Ж.Баласагын атындагы КУУнун башталгыч класстардын мугалими колледжин бүтүрдүм. Бирок, жашоом кол өнөрчүлүккө байланып, балдарды көркөм өнөргө сапар тарттырдым», — деди кол өнөрчү.

Ал өз сөзүндө кийизден түрдүү баштыктарды, кыргыз курактарын жана башкаларды жасап, кийизге пейзаж түшүрө турганын баяндоо менен: «Бир кезде кошуна байбичеден боек сурап алган элем. Ошол берекелүү болуп, ушул күнгө чейин колдонуп келем. Малчынын үйүндө жетилгенимденби, жүндүн, жиптин, кийиздин сапатын жакшы билем. Өз тажрыйбамды элеттик балдарга үйрөтүп келем», — деди Кишимжан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE