Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздө улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында ар улуттун өкүлдөрү 21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тилдин Эл аралык күнүн белгилеп жатышат. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жыпара Туйбаева билдирди.

Анын айтымында, райондогу китепкананын биринде ар улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн эне тилин даңазалап, каалоо тилектерди айтышты. Ошондой эле улуттук тамак-аш көргөзмөсү уюштурулуп, кол өнөрчүлүлөрдүн эмгектери коюлду.

Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ысык-Көл облусу боюнча төрөгасы Айбек Майрыковдун айтымында, тил күнүнө карата облустун аймагында жарыяланган бир айлык бүгүн жыйынтыкталып жатат. Бир айлык алкагында ар бир район-шаарлардын мектептеринде, окуу жайларда, маданият үйлөрүндө иш-чаралар өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE