Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздүн Жалгыз-Өрүк айылында жаңы ФАП ачылды

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысы Руслан Эшманбетов билдирди.

Анын айтымында, ФАПта бардык шарттар каралган. Курулушу кайрымдуулук фонд тарабынан каржыланды. Буга чейин айылдагы эмкананын эскилиги жетип калган.

Жалгыз-Өрүк айылы Кызыл-Суу айыл аймагынын курамына кирет. Бүгүнкү күндө 2 миңге чукул калк жашайт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE