Пример HTML-страницы

Жаратылыш парктарындагы фотокапканга түшкөн жаныбарлар

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунда, Өзгөн районунун Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркында жана тышкаркы аймактарда жапайы жаныбарлардын 20 чакты түрү бар экени аныкталды.

NABU-Kыргызстан уюмунун мониторинг бөлүмүнүн кызматкерлери 2022-жылдын август-сентябрь айларында аталган аймактарга коруктун кызматкерлери менен биргеликте илбирсти изилдөө жана жапайы жаныбарлардын ар түрдүүлүгүн аныктоо максатында фотокапкандарды орнотушкан.

2023-жылдын июль айында фотокапкандар чечилип алынып, бүгүнкү күндө алынган мааалыматтар талданууда. Жалпысынан экспедициялык сапар ийгиликтүү болуп, жаратылышты байырлаган жапайы жаныбарлардын бир нечеси фотокапканга түшкөнү белгилүү болду. Жыйынтыгында илбирс, аркар, аюу, эчки-теке, карышкыр, сүлөөсүн, түлкү, кашкулак, коён, кызыл суур, таш суур, суусар, бүркүт, таз жору, улар, кеклик жана башка жапайы жаныбарлардын түрлөрү түшүп, жаныбарлардын жалпы 18ден ашык түрү аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE