Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы тургундардын убакытты 1 саатка артка жылдыруу сунушу боюнча кайчы пикири

Акыркы жанылыктар

Turmush«Баткен таӊы» гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов менен Баткендеги тиш дарыгер Кыргызстанда убакытты 1 саатка артка жылдыруу демилгесин көтөрүштү.

Союз учурунда «кышкы убакыт», «жайкы убакыт» деп жылдырылып турган. Кыргызстан саатты акыркы жолу 2005-жылы алдыга жылдырган.

Учурда Кыргызстан убакыттын алтынчы алкагында (UTC+6) турат. Демилгечилер бешинчи алкакка (UTC+5) өтүүнү сунуштап жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы Жалал-Абад облусунун тургундарынын пикирин сурап көрдү. Алардын көпчүлүгү убакытты артка жылдыруу окуучулар, бала бакча тарбиялануучулары үчүн жакшы болорун айтышса, айрымдары адамдар жаңы убакытка адаптация болуусу үчүн көп убакыт керек деген пикирде.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Каныбек Кудайбердиев бул сунушка каршы чыккандардын бири. Анын айтымында, убакытты артка жылдырууга негиз жок.

«Өлкөдө убакытты бир саат артка жылдыруу сунушу болгонун жаңылыктардан окудум. Бир катар кишилер анын себебин түшүндүрүп берүүгө аракеттенишиптир. Бирок азыркы мезгилде саатты артка жылдырууга эч кандай негиз жок. Менимче, балдар чарчап жатат деген жөн гана шылтоо. Менин баамымда азыркы тапта адамдар ушул убакытка көнүп калган. Эгер саатты артка жылдырса, жарандар ал убакытка адаптация болуусу үчүн да көп убакыт керек болот», — деди ал.

Жалал-Абад шаарындагы №14 С.Давлетов атындагы инновациялык мектеп-лицейинин директору Дамира Токонова бул сунушту колдойт. Анын айтымында, балдар сабакка кечигип, а түгүл сабак учурунда уктап калган учурлар да болот.

«Мен бул сунушту колдойм. Себеби азыр күн кыскарып, көпчүлүк балдар сабакка кечигип келүүдө. Айрымдары эрте туруп, караңгыда мектепке келгенге аргасыз. Айрымдары уйкусу канбай мектепке келип, сабак учурунда уктап калган учурлар да болот. Кээ бири кечигип туруп, шашылып жатып, эртең мененкисин чай да ичпей келет. Албетте, мунун баары билим берүүгө да таасирин тийгет. Биз, педагогдор бул сунушка макул болмокпуз», — дейт ал.

Кызуу талкуу жаратып жаткан сунушка макул болгондордун катарын Чаткал районунун тургуну Жылдызбек Абубакир уулу да толуктайт. Анын айтымында, шаарларда эртең менен окуган студенттер сабакка таң эрте туруп даярданып, суукта окуу жайга барууга мажбур болот.

«Биздин мамлекетте өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй калктын 70%нан ашыгы өкмөттүн жумушунда иштеп, таң заардан колуна кофе алып, ишке шашкан деле киши жок. Калктын басымдуусу кара жумуш менен алек. Менимче убакытты артка жылдыруу көпчүлүккө таасирин деле тийгизбесе керек. Ал эми окуучулар жана студенттер үчүн бир топ ыңгайлуу болот. Себеби студенттер эртең менен биринчи парага баруу үчүн таң заардан туруп даярданып, суукта, караңгыда бекетте кичи автобус күтүүгө мажбур. Баарынын эле өзүнүн жеке унаасы же такси менен окууга каттаганы чамасы жок. Мындан улам эрте туруп камынбаса болбойт. Ошол себептүү жаштар чарчаңкы, энергисия жок жүрүшөт. Жеке өзүм убакыттын жылдырылышын колдойм», — деди ал.

Ал эми Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлбарчын Рахманова убакытты артка жылдыруунун пайда-зыяны жок деген пикирин билдирди.

«Убакытты артка жылдыруу боюнча сунушту соцтармактардан окуп калам. Бирок аны өзгөрткөн менен ал адамдардын жашоо-турмушуна таасирин деле тийгизбечүдөй. Бирок биз бейтапканада иштегендиктен ички тартипке ылайык кыш мезгилинде иш убактысын жарым саат артка жылдырабыз. Мисалы, жайдын күнү жумуш саат 08:00дө башталса, кышыда 08:30га жылдырабыз. Менимче өлкө боюнча саатты артка жылдыруу негизсиз», — деди ал.

Аксы районунун Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы Манас Таштанбай уулу бул сунушту колдогондордун катарында. Анын себебин мындайча түшүндүрдү.

«Убакытты артка жылдыруу боюнча ар кандай кайчы пикирлер, жөнү жок себептер деле айтылып жатат. Жеке мен 1 саат артка жылуусуна макулмун. Бирок бул сунушту көтөрүп чыгып, убакытты артка жылдыруу менен жашоону узартууга болот, же убакытты жай өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат дегендердин пикирине кошула албайм. Дүйнө жүзүндө 200дөй мамлекет бар. Алар өздүрүнүн жашоо-шартына ылайыктап убакытты коюп алган. Эгер жашоонун мыйзамына жана Жаратканга каршы келбесе, адамдар өздөрүнө ыңгайлуу кылып, убакытты белгилегенге каршы эмесин», — деди ал.

Ноокен районунун тургуну Гүлзара Сагынова бул сунуш жөн гана «хайп» деген пикирде.

«Мен бул сунушту угуп эле каршы болдум. Менимче бул жарандардын жөн гана «хайп» жаратуу үчүн таап чыккан сөзү. Азыр коомчулукта саатты артка жылдыруудан башка маселелер толуп жатат. Ансыз деле тууну алмаштыруу боюнча ар нерсе айтылууда. Менин оюмча, бул деле ишке ашпай турган нерсе. Жеке мен туунун өзгөрүлүшүнө да, убакыттын артка жылышына да каршымын», — деди ал.

Майлуу-Суу шаарынын тургуну Тилек Малабаев убакытты артка жылдыруу демилгесин колдойт.

«Буга чейин союз убагында мезгилге жараша убакыт бир саат артка жылдырылып турчу деп ата-энебиз көп айтат. Азыркы тапта кыш келип, күн кыскарып, караңгы тез кирет. Мындан улам мектеп окуучулары жана бакчага барган балдарга кыйынчылык көп жаралууда. Ошондуктан кыштын күнү убакытты бир саат артка жылдырып турса деген ойдомун», — деди ал.

Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин студенти Байэл Дөөлөтбаев да бул сунушту колдойт. Анын айтымында, убакыттын айынын сабакка жана жумушка кечиккендер көп.

«Мен жогорку окуу жайдын студентимин. Эртең менен окугандыктан таңкы саат 08:00дө сабакта бирин-серин гана студент болот. Көпчүлүк уктап калып же жетише албай, сабакка кечигип кирип, ыңгайсыздык жаратат. Кечигип келген студенттер же окуучуларды да түшүнсө болот. Себеби айрымдары жакынкы райондордон же айылдардан келишет. Көпчүлүктө унаа болбогондуктан кичи автобус күтүп кечигет. Ошондуктан убакытты бир саат артка жылдыруу чечими туура», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE