Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда рубль менен доллар кымбаттады. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында рубль февраль айынан бери 1 сомго чыкты. Аймактык кабарчы калаадагы банктарды жана акча алмаштыруучу жайларды кыдырып, бааларды билип келди.

Доллардын куну көтөрүлгөнү байкалат. Калаадагы банктар 1 рублду 1 сомдон сатып алып, 1 сом 10 тыйындан сатып жатышат. Ал эми 1 доллардын наркы 88 сом 50 тыйын (сатып алуу) жана 90 сом 50 тыйын (сатуу) болууда.

Акча алмаштыруучу жайларда 1 рубль 1 сомдон, ал эми доллар 88 сомдон сатылып жатат. Доллар менен катар евронун да баасы жогорулады. Банктарда 1 евро 97 сом 50 тыйындан сатылып алынып, 99 сом 50 тыйындан сатылып жатат.

Жалал-Абадда рубулдун куну февраль айынын аягында 0,65 тыйынга түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE