Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда барар жери жок жарандарга 99 миң сомго түнөк үйүн ачууга даярдыктар көрүлүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абадда барар жери жок жарандарга түнөк үйүн ачууга даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» кайрымдуулук борборунун жетекчиси Чыңгыз Салымбаев билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы түнөк үйдү уюштурууга калаа бюджетинен 99 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

«Жыл сайын 1-ноябрдан 1-апрелге чейинки аралыкта сууктун күнү дайындуу барар жери жок жарандарга атайын түнөк үйүн жана бир маал ысык тамак уюштуруп келебиз. Башка жылдары 20 койка-орундуктар даярдалса, бул жылы 15 койка-орундуктар даярдоо алдында турабыз. Түнөк үйүн уюштурууга өзүбүздүн имаратыбыз жок болгондуктан, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эски стадионундагы имаратты пайдаланып келебиз. Быйылкы жыл үчүн да окуу жайга кат жолдоп койдук. Мындан сырткары түнөк үйдүн төшөк, шейшептерин жаңылап жатабыз. Себеби, бул жакка көп учурда ичкиликке берилип, көчөдө калган жарандар баргандыктан абдан кейиштүү абалга кептелген экен. Матрас, шейшептерди алуу үчүн калаадагы “Көзү азиздер жана дүлөйлөр” коому менен келишим түзүп, алып жатабыз. 15 кишиге ылайыктуу төшөк, шейшеп матрастар жана тамак-аш, чай ташууга термос сатып алууга 84 миң сом акча каражаты жумшалат», — дейт Ч.Салымбаев.

Мындан сырткары ал түнөк үйгө келген жарандарга берилчү ысык тамакка бир кишиге 45 сом акча каражаты кетерин, кийинки жылдан инфиляциянын эсебинен тамактын продуктасы 15 пайызга чейин кымбатташы күтүлөрүн, натыйжада бир кишинин тамагына орточо 53 сомго чейин акча каражатын бөлөрүн кошумчалады.

Сөз болуп жаткан борбордон багар-көрөрү жок 60 киши күн сайын бир маал ысык тамак ичип кетишет. Ал үчүн быйылкы жылы калаа бийлиги борборго 2 млн 286 миң акча каражатын бөлүп берген. Анын 1 млн 584 миң сом акчасы 60 кишинин тамак-ашына жумшалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE