Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 21 спортчу жана алардын машыктыруучулары 2,7 млн сом менен сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында ийгилик жараткан 21 спортчуга жана алардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 11-апрелде калаадагы Т.Тыныбеков атындагы облустук филармонияда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаттары, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.

«Акыркы жылдары Жалал-Абад шаарында машыгып, спорттук мелдештерге катышып келе жаткан спортчуларды колдоп, алардын чет өлкөдө болгон сынактарына катышууна көмөк көрсөтүп, колдоо көрсөтүп келебиз. Быйылкы жылы да ийгилик жараткан спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына жалпы суммасы 2 млн 718 миң 75 сомду түзгөн сертификаттарды тапшырдык», — деди Ормоков.

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик 5 спорт мектептеби бар. Аларда 76 машыктыруучу эмгектенип, 3000ге жакын жаш өспүрүмдү спорттун 18 түрү менен машыктырып келет.

2022-жылы Жалал-Абад шаарынын спортчулары 84 республикалык, 37 эл аралык, 9 Азия жана 4 дүйнөлүк мелдешке катышып, 54 алтын, 62 күмүш, 71 коло медаль тагынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE