Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда өспүрүмдөргө кооптуу жерлерде сууга түшпөө керектигин эскертип жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдама унаасы менен милициянын участкалык инспекторлору, Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жергиликтүү тиешелүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте айылдарды кыдырып, элдин көйгөйлөрүн жана арыз-доолорун угуп жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ошону менен катар ысырапкерчиликти болтурбоо, кылмыштуулуктун жана ар кандай кокустуктардын, сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Бул багыттагы иштер облустун Кара-Көл шаарынын аймагында, Тогуз-Торо районунун Арал, Кара-Суу айылындарында, Ала-Бука районунун Ак-Там, Ак-Коргон жана Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагында, Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаарларында жүргүзүлүп, ошондой эле айрыкча жаш өспүрүмдөргө агын суулардын, көлмөлөрдүн, суу каналдардын кооптуу болгон жерлеринде сууга түшүүгө мүмкүн эместиги, бүтүрүү кечелеринде тоо койнунда эс алууга тыюу салынгандыгы байма-бай эскертилип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу боюнча милициянын 11 көчмө кабылдама унаасы бар. 5 айдын жыйынтыгы менен алар аймактарга 440 жолу чыгышып, 643 атуулду кабыл алышкан. Алардан 618 арыз жана кайрылуулар кабыл алынып, 443 кайрылуу боюнча жеринде юридикалык кеңеш берилип, чечилген жана 134 коопсуздук менен байланышкан арыз каралып, калгандары тиешелүү кызматтарга жиберилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE