Пример HTML-страницы

Жайылдык Темирлан Урманбетов шахмат боюнча облустун чемпионатында жеңүүчү болду

Акыркы жанылыктар

Turmush7-8-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында шахмат боюнча Чүй облусунун чемпионаты өттү. Турнирге облустан 130 шахматчы катышты.

Ал эми Жайыл районунун атынан машыктыруучу Эрнис Жакыповдун жетекчилинде 10 спортчу катышып келди.

Жайылдык шахматчылар көрсөткөн жыйынтык:

— Темирлан Урманбетов 1-орун;

— Диана Кулсариева 1-орун;

— Виктория Федосимова 3-орун;

— Адил Самарбеков 3-орун;

— Арууке Сулайманова 3-орун.

Жеңүүчүлөргө медаль, диплом жана баалуу белектер берилди. Темирлан Урманбетов бир дагы жолу жеңилбегендиктен кубок менен сыйланды. Эми жеңүүчүлөр 2023-жылы өтө турган өлкө чемпионатына даярданышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE