Пример HTML-страницы

Жайыл районунун тургундары суу менен электр жарыгын өчүрбөөнү суранышууда

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстанда аномалдуу ысык катталып, абанын температурасы +38 градустан ашууда. Мындай жогорку температура апта соңуна чейин, жада калса айдын аягына чейин сакталары кабарланууда. Ошол эле учурда Жайыл районунун РЭТи күн сайын жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштердин алкагында график боюнча тигил же бул участоктун электр энергиясын өчүрүп жатат.

«Күн сайын тигил же бул конушта электр жарыгы болбойт деген кулактандырууларды окуйбуз. Электр жарыгы менен бирге суу да өчүрүлгөн. Кантип ушундай ысыкта бир сутка бою жарыксыз, суусуз калууга болот? Дарыгерлер мындай аба ырайында үйдө отуруп, муздак суусундук ичүүнү сунушташат. Суу жок, муздаткычтар иштебесе кайдан алам? Акимчилик, РЭТ, мэриянын жетекчилеринен, депутаттардан бул маселени карап, профилактикалык иштерге убактылуу тыюу салуу боюнча чечим кабыл алуусун суранабыз. Албетте, электр жарыгын өчүрүү чоң саясий маселе болушу мүмкүн. Бирок мындай ысыкта суусуз, жарыксыз калуу реалдуу эмес», — дейт Кара-Балта шаарынын тургуну Бексултан Ниязов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE