Пример HTML-страницы

Зерикпей акырына чейин окуңуз .

https://kyrgyzcha.site/?p=47905&preview=true Акыркы жанылыктар

Зерикпей акырына чейин окуңуз .

 

😢😢

 

— Алоо, кандайсың, уулум?

 

— Жакшы, апа. Өзүңүз жакшы жүрөсүзбү?

 

— Ооба, мен жакшы жүрөм. Бүгүн сенин туулган күнүң эмеспи. Туулган күнүң менен куттуктайын деп чалбадымбы. Туулган күнүң күт болсун! Бактылуу, таалайлуу, ыймандуу жигит бол, Кудайым өмүрүңө береке берсин, уулум.

 

— Рахмат, апа.

 

— Берекем менин. Туулган күнүңдө биз жок мостоюп калдың го дейм?

 

— Апоов…

 

— Оов, балам…

 

— Качан келесиз?

 

— Ыя?

 

— Качан келесиз дейим, келесизби?

 

— Барам уулум. Туулган күнүңө барам деп жүрдүм эле ишим жакшы болбой, бара албай калбадымбы. Эмки жылкы туулган күнүңө сөзсүз барам.

 

— О-уу, дагы бир жыл бар да, анда? Ага чейин качан? Мен сизди сагынып жатпайымбы, апа.

 

— Балам, бир жыл тез эле өтүп кетет. Дагы кичине чыдап тур. “Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет” болуп, туулган күнүңдө жаныңда боло албай кашайбадымбы. Кийинки жылы жаныңда болом. Досторуңу чакырып, туулган күнүңү сонун кылып үйдө өткөрүп берем, макулбу?

 

— Анда өрүктөр гүлдөгөн маалда келет экенсиз да, э?

 

— Ооба, уулум. Сен төрөлгөн мезгилде дал бүгүнкүдөй өрүктөр аппапакай болуп жапырт гүлдөп, аарылар гүлдөн гүлгө учуп-конуп, ызылдап, айлана тим эле кооздукка бөлөнүп турган эле. Карачы, андан бери деле көзгө илешпей алты жыл өтүп кетиптир. Кудайым насип кылса сен айткандай эмки жылы өрүктөр гүлдөгөн маалда барып калам.

 

— Эмки жылга чейин качан? Мен сиздерди сагындым. — Көзүнө жаш каканактап, өпкөсү толуп, ыйлагысы келип турган Самат үнү дирилдеп зорго үн катты.

 

— Эмне болду уулум, ыйлап жатасыңбы?

 

— Жок…

 

— Ыйлабачы күчүгүм, мен сени сагынбады дейсиңби? Мен да сагындым.

 

— Ыйлаган жокмун.

 

— Айланып кетейиним, жанымы чабайын күчүгүм, ыйлаганың үнүңөн билинип жатпайбы. Ыйлабачы, экөөбүздүн да эне-баладай болуп ээрчишип баса турган, кучакташып уктай турган күнүбүз бардыр. Караң калгыр көр тиргилик бүтпөй жатпайбы. Куну кеткен акчаны бир жагына тартсаң бир жагына жетпей, тапканыбыздын берекеси жок. Айлап-жылдап талаалап жүрүп сенин ширин кезиңи да көрбөй, кандай чоңойгонуңу да билбей кала турган болдук ко.

 

— Апа…

 

— Оов…

 

— Менин Элдияр, Жыргал деген досторумун ата-энелери эч жакка кетпей, балдарынын жанында жүрүшөт ко. Сиздер деле кетпей эле коюңуздарчы?

 

— Олдо каралдым ай, алардын үстүндө үйү, астында машиналары, иштегенге иштери бар тура. Бизде андай жашоо, андай шарт кайдан. Силерди таштап коюп эки жылдан бери үй салып алалы деп мында темселеп жүрбөйлүбү. Эптеп бир үйлүк акча кылып алсак эле барабыз. Анан биз дагы чоң атаңын үйүн жаңылап, заңгыраган үйлүү болуп, эл катары жашайбыз. Ошондо эч жакка кетпей сенин жаныңда болом.

 

— Азыр акчаңыздар канча болду? Бир жыл иштесеңиздер үйгө жетеби?

 

— Я, эмне дейсиң?

 

— Бир жылдан кийин акчаңыздар жетеби, дейим үйгө?

 

— Ээ, балам, сени саргайтып жол каратпай эртерек барайын деп бирин экиге улап, иштеп жүрбөйүмбү. Алты саным аман болуп турса иштеп, жеткирем да.

 

— Атамчы?

 

— Эмне атаң?

 

— Атам дагы иштеп жатабы?

 

— Атаң курусун!

 

— Эмне дейсиз?

 

Ойго бата түшкөн Салима эмне деп сүйлөп алганын өзү да байкабай, уйкудан чочугандай селт этип алды:

 

— …Аа, атаңбы? Атаң дагы иштеп жүрөт. Иштеген менен айлыгы аз болуп жатпайбы,- деп уулуна калп айтты. Калп айтпаганда кантмек.

 

“Атаңын иши жок, бекерчи. Эки күндүн биринде мас болуп келип бирге жашагандарга тынчтык бербей чаң тополоң салат. Ошонун айынан жашаган жерибизден куулуп, ижарадан-ижарага көчүп азабын тартып жүрөм. Ижара акысы, тамак-ашы, жада калса чылымы да менин моюнумда. Жалгыз менин тапканым эч нерсеге жетпегенден кете албай жүрбөйбүзбү”- деп сагынычтан саргайып күтүп жүргөн уулуна айтып, үзүлбөгөн үмүт менен согуп жаткан балалык баёо жүрөгүн кантип оорута алат. Энелик жүрөгү ага даабайт да, антип айтууга оозу да барбайт эле.

 

Атасы келсе чоң үй саларын, ал үйдө ата-энеси менен чогуу бактылуу күндөрдү өткөрөрүн элестетип, жомоктогудай кыялдар менен жашап жүргөн Самат “атам иштейм деп Россияга кеткен, демек кара жанын карч уруп, акча таап жүрөт” деген ойдо апасынын жүрөгүн эзип, жан дүйнөсүн жанчып, суроо үстүнө суроо узатып жүргөнүн кайдан билсин.

 

— Атама айтыңызчы анда, көбүрөк эле айлыкка иштеп, тезирек келсин? Мен сиздерди сагындым.

 

— Макул, айтам.

 

— Апа…

 

— Оов көлөкөм.

 

— Атам мени сагынбайбы?

 

— Кой, антпе. Сагынбай дагы койчу беле. Сагынып эле жүрөт сени.

 

— Сагынса эмнеге сүйлөшпөйт? Дастан досумун атасы күнүгө телефон чалып сүйлөшөт. Өткөндө Москвадан велосепед салган. Сонун, сонун кийимдерди салат. Йогурт, шоколад алып же деп көп акча салат экен. Анын атасы көп айлык алабы, апа?

 

— Анын атасы канча айлык алганын билбейт экемин, балам. Бул чоң шаарда кээ бирлери көп айлыкка иштейт, кээ бирлери атаңа окшоп жакшы иш таба албай аз айлыкка иштеп калышат. Ар кимдин айлык акысы ар кандай да эми. “Иштесең тиштейсиң” – дегендей, иштегендерине жараша алышат да.

 

— Аа.

 

— Балам, туулган күнүңө акча котороюн десем какаганга, муштаган болуп, айлыгым да колго тийбей калганын карасаң. Эки-үч күндүн ичинде тийип калат. Колума тийери менен котором. Сен дагы Дастанга окшоп дүкөндөн өзүң каалаган нерселериңи сатып алып жейсиң, макулбу?

 

— Ыкы, мен эч нерсе жебейм.

 

— Эмнеге?

 

— Чогултам, азыр менин жүз жыйырма сомум бар. Акчаларымы кичинекей каропкадан кутуча жасап салып, скочтоп койгомун. Дагы акчам болгондо үстүнө кошуп көбөйтөм.

 

— Кой, балам, кичине акчаңы чогултуп эмне кыласың. Бекитпей керегиңе жарат, бир нерселерди алып же. Кийинки айда көбүрөк акча котором. Ал акчага мектепке барганыңа кийим-кече, кем карчыңы жасап берет чон атаңдар, уктуңбу?

 

— Ооба, уктум. Апа, бир жылдан кийин сөзсүз келесиздерби?

 

— Кудайым буйурса барабыз, балам.

 

— Үй салганга акчаңыздар жетпесе деле келе бериңиздерчи? Сиздер келгиче мен дагы акчамы көп кылып чогултам. Көбөйгөндө сиздерге берем, кошуп үй саласыздар.

 

“Олдо, балам ай. Сен ойлогон ойду атаң ойлоно албай жүрбөйбү. Ушул эле адамдай болсо эмдигиче кыйла иш бүтүрүп албайт белек. Башыбызга тартсак этегибизге жетпей, же өз элибизге эртерек кетпей, талаада кара курсактын кулу болуп жүрбөйбүзбү” деп ойлонгон Салима кичинекей уулунун “качан келесиз” деп тынымсыз берген суроосунан чүнчүп, тамагына бир нерсе тыгылып калгандай буулугуп, анысын утуру-утуру нары кетирип, тамагын кырып билгизбегенге аракет кылганына болбой, үнү каргылданып, көзүнүн жашы токтобой мөлтүлдөп, жүзүн жууп жаатты.

 

— Апа… апа… угуп жатасызбы мени?

 

…туут….туут… туут….

 

Уулунун берген суроолоруна ишеничтүү жооп бере албай, ар бир сүйлөшкөндө калп менен үмүттөндүрүп келатканына ичи эңшерилип, өзү да сагынычтан сабылып, буулугуп турганга шолоктоп ыйлап аргасыздан телефонду өчүргөнгө туура келди. Качан гана ыйлап бүтүп, шалдайып олтуруп калганда кайрадан Саматка чалып, дагы калп айтты.

 

— Уулум, жумушка бара турган убактым болуп калыптыр. Бошогондо чалам дагы. Сен чоң ата, чоң энеңин тилин алып жакшы жүр. Бетиңен өптүм,- деп кыска сүйлөп өчүрдү. Антпесе кайрадан эле жүрөгүн зырылдаткан “качан келесиздер” деген суроону угаары бештен белгилү эле.

 

* * *

 

Тынымы жок иштеген Салима күндүзү өзүнүн ишинде, түнкүсүн келбей калгандардын ордунда идиш-аяк жууп иштеп жүрүп күйөсүнүн карызынан эки жыл дегенде араң кутулду. Күйөсү ата-энесинин кой дегенине болбой кредитке машина ала коюп, анысын мас болуп айдап жүрүп алты айда талкалап олтуруп калган. Кредит төлөгөндөн сырткары эки адамдын ижара акысы, ичкен-жегендери, жол кире, анан дагы “жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок” болуп, иштебей жатып алганычы…

 

Бербей койсо ичип келип“Сен мени дос-туугандан чыгарып бүттүң”- деп уруш кылат. Бирге жашагандардан ыйбаа кылган келин ары карап ыйлап, бери карап күлүп, тилин тишине басып жүрүп жазга чыгып алды. Эми мындан наркы айлыгын чогултса деле үй салганга жетчүдөй эмес. Бирок жетсе-жетпесе да туулган жерине кетиши керек. Ата Журту көзүнөн учуп күн санап, саат санап жүргөн Салимага күндүн өтүшү кыйын болду. Ошентсе да уулуна берген убадасы боюнча туулган күнүнө барып каларын эстегенде кубанып, шайдоот тартып чарчаганын унутуп калчу болгон.

 

Ошондой күндөрдүн биринде Салима ооруп төшөктөн туралбай калды. Догдурга барганга шайы жок, башын көтөрсө жер айлан көчөк, көңүлү айнып окшуйт. Акыры чыдабаганда күйөсүн ойготту. Анысы да түнү ичип келип жатканга кыйынчылык менен ойгонду.

 

— Ии, эмне болуп кетти, таң атпай уйкуну бузуп.

 

— Менин акыбалым начар, тез жардам чакырбасаң болбой окшойт.

 

— Эмнең ооруп жатат? Түндө эле жакшына эмес белең?- деди ороңдоп.

 

— Арактан көзүң ачылбай жүрүп, менин жакшы-жаман экеними кайдан билдиң сен? Канча күндөн бери табым айнып жаткан. Акыркы күндөрү ишке да тыңгылыктуу чыга албай, дарынын күчү менен жүрүп калдым го. Азыр басканга дарманым жок, ичек боорум үзүлүп кетчүүдөй болуп жатат,- деп онтоп, түйүлүп олтуруп калды.

 

Салиманын онтогон үнүнөн ижарада чогу жашаган кыздар да ойгонушуп, бири тез жардам чакырып, бири үй ичин иретке келтирип, тоз-тополоң болуп калышты.

 

* * *

 

Тез жардам менен келген Салиманын оор акыбалын көргөн дарыгерлер, баардык текшерүүдөн өткөрүшүп, эки айлык боюнда бар экенин, анын өспөй калганын айтышты. Жети жыл төрөбөй жүрүп, күйөөсү экөө ана ажырашабыз, мына ажырашабыз деп жүрүшкөндө боюна бүтүп Саматты төрөбөдү беле. Эми мынтип арадан дагы жети жыл өткөндө боюнда болуп, анысы өспөй калганын укканда көзүнөн кара чымын учуп, өзүн жоготту Салима.

 

Учу жок үмүттөрү, уулуна берген убадалары канчалык ишке ашарын билбей бир аптадан бери жандандыруу бөлүмүндө бирде эсине келип, бирде эсинен танып, ажал менен арбашып жаткан Салиманын ичер суусу түгөнүп баратканын билген догдурлар күйөсүн чакыртышты.

 

“Аялың ден соолугуна карабай оор иштерди жасап, зыяндуу химикаттарды көп колдонгондуктан эки бөйрөгү эзилип, иштен чыгыптыр. Боюнда бар аялдар гана эмес, адам аттуунун баары химикаттарды колдонгондо ооз кап тагынып, аз-аздан этияттык менен пайдаланбаса — ички органдарына терс таасирин тийгизип, өлүмгө дуушар кылат. Ушундай акыбалга келгенче жатып калбай басып, иштеп жүргөн жаны бекем аял экен. Мындай илдетти башка адам болгондо көтөрө алмак эмес. Эми бул жагы биздин колубуздан келер иш эмес. Канча күн жашайт, айта албайбыз. Тез аранын ичинде мекениңе алып кет”,- дешти.

 

Арактан көзү ачылбай, аялына баладай сүйөнүп, кантип акча табыштын көзүн билбей, жатып ичер жан бакты Медетке бул кабар союл менен башка чапкандай болду. Ойлоп көрсө акыркы күндөрү бөйрөгүм салаңдап жатат деп дары-дармекти көбүрөк ичип, кээ бир күндөрү оорудум деп ишинен эртерек келип жатып калчу болбоду беле аялы. Ошондо да бир көңүл буруп сурап койбогонуна өкүндү. Курулушка иштесе айлыгын алалбай алданып, эл катары жүк ташыган же көчө шыпырган ишке кирсе, ичип алып убагында ишине чыкпай айдалып, аялына көз каранды болуп жүргөн неме эми кандай айла кыларын билбей, башын мыкчып олтуруп калды.

 

Салиманын бир апта башта эле “Өлбөгөн кулга жаз келет” дегендей жаз да келди. “Ушул айдын аягына чейин чыдап иштеп айлыгымды алайын да кетели. Баргандан кийин эки, үч ай дем алып, жакшылап дарыланып алып өзүм келип иштебесем болбойт”,- дегенин эстеп заманасы куурулуп, тууган-урук, дос жарларына айтып, көзү жылтырап турганда алып кетүүгө аракет кыла баштады.

 

* * *

 

Жаз быйыл жылдагыдан эрте келип, өрүктөр да эрте гүлүн ачкан. Бажырайган өрүк гүлдөрү, сирен гүлү, келген куштардын кубулжута сайраган үндөрүнөн айыл ичи ажайып кооздукка бөлөнүп, теребел гүл жыттанып, жаздын болуп турган учуру эле. Жаз алды менен эгин-тегиндерин эккенге даярдык көргөн айыл эли ишке жарамду уул-кыздарын жер айдоого чегерип, таң аткандан күн батканча тыным билбей, ар бири өз тириликтери менен алек болуп күндүн кандай өткөнүн деле билишпейт. Бир гана Самат үчүн күндүн өтүшү кыйын болду. Жол караган бала чоң ата-чоң энесине, досторуна “менин туулган күнүмө аз калды. Туулган күнүмдө атам менен апам келет,- деп айтып, күн санаганды адатка айландырып алган. Бүгүн да адатынча досторуна ата-энеси келээрин, алар келсе баарын чакырып, туулган күнүн өткөрөрүн айтып жатканда сөзүн Бекболот бузду:

 

— Апаң келбесечи,- деди кесе.

 

Токочун колунан жулдурган баладай мостоё түшкөн Самат:

 

— Апам келет, өзү айткан. Жакында келет, — деди капарсыз.

 

— Мен билем, келбейт,- деди Бекболот да үнүн көтөрө сүйлөп.

 

— Сен каяктан билдиң келбегенин? — деди балдардын бири Саматка жан тарта Бекболотту жек көрө карап.

 

— Кече биздин үйдө аялдар сүйлөшүп отурганын уккамын. Келбейт көрөсүңөр го,- деди бир сыр билгендей балдарды тегерете карап.

 

Бекболоттун сөзү Саматтын кулагынан кирип мээсин көзөп өткөндөй болду. Бир заматта көзүнө жаш толуп:

 

— Апам келет, алдаба. Сен алдап атасың. Мен азыр чоң энемен сурап келем,- деп балдардын арасынан суурулуп, чуркап жөнөдү.

 

Кубанычы бир заматта ызага айланган Самат жашка толгон көзүн улам-улам аарчып, бутут-бутуна тийбей учуп-күйүп үйүнө келди. Эшиктен кирип эле короодо тигилип жаткан боз үйдү, анын жанында топураган көп элди көрүп эмне болгонуна түшүнбөй бир саамга элейип туруп калды.

 

Анын элейип турганын байкаган чоң энеси колунан жетелеп үйгө киргизди. Дагы деле эч нерсе түшүнбөгөн Самат чоң энесинин, ал тургай күнүгө жаркылдап күлүп, бака-шака түшүп жүргөн кошуна аялдардын баарынын көздөрү шишип, суз тартып калганын көрүп, “апам чындап эле ооруп калган турбайбы. Булар да апамын ооруганын угуп ыйлашкан тура деп ойлоду. Бир саамда барып, “Эне, апам туулган күнүмө келбейби?”- деди. Өзү да небересинин тагдырын ойлоп, аргасы түгөнүп, түтөп олтурган Жийде кемпир кандай жооп айтарын билбей Саматты кучактап: “Олдо шору жогум ай, шору жогум, шоруң ушинтип катмак беле? Жол карап күткөн күндөрүңдү кантейин… Эми кандай кылам, кандай айла табам,- деп боздоп ыйлап жүрөгү тилинип жатты.

 

Саматтын берген суроосуна муштумдай бир кемпир эле эмес олтургандардын баары ыйлап, бири дагы көзүн тике карап жооп айталбай, кичинекей баланын алдында алсыз болуп, сабылып турушту. Бекболоттун “апаң келбейт, көрөсүң го”,- деген сөзү жүрөгүнө тикенектей сайылган Самат жоопсуз суроо, муңдуу көздөрдөн жалтактап, бир жаман иш болгонун туйду. Бирок дагы деле түшүнө албай, ыйлап жаткан чоң энесине кайра суроо бергенге батынбады. Бир маалда сыртан кирген эркек: “Сөөктү алып келишти”,- деди.

 

Олтургандар удургуй түшүштү. Самат да аялдардын буттарына оролошуп сыртка чыгып, короонун ичине кирип келген машинадан жыгач табытты түшүрүп жаткан эркектерди, алардын арасында жүргөн атасын көрдү. Өчүп бараткан үмүтү тутанчудан бетер:

 

— Атакее, атакее! — деп атасын көздөй чуркап бараткан баланын алдын тоскон эркектердин бири:

 

— Баланы алгыла, нары же кошунанын үйүнө алпарып тургула, чочуп калбасын,- деп тургандарга буйра сүйлөдү.

 

— Жөн койгула! Жол караган байкушум, эми сөөгүн көрүп көксөөсү суусун,- деп небересин көздөй утурлап баскан Алман карыя Саматты бооруна кысып, чачынын шуу эттире жыттап турганы:

 

— Ээ, Жараткан, күдөр үзбөй жол карап, үмүт менен жашап жүргөн ушул чычкандай баланы энесинен ажыратканча мени неге албадың? Биздин өсөрүбүз эмес, өлөрүбүз калбады беле. Биздин көзүбүз өтсө бул баланын келечек-тагдыры кандай болор экен? Ким апасындай мээрим төгүп, туулган күнүн ким апасындай өткөрүп берер экен. Эсебинен жаңылбай күн санап жүргөн Саматтымын туулган күнүнө болгону беш күн калбады беле. Балалык бактысынан эрте ажыратып, үмүтүн таш каптырган таш боор тагдыр! Ушул баланын арманду көз жашын көрүп кантип чыдаар экемин,- деп эмшендеп ыйлап, тер жыттанып, бырышкан бет аарчысы менен көз жашын сүртүп, таягына өбөктөп өксөп турду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE