Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү келин менен милиционерлердин түнкү окуясы жана чыры

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарындагы кафелердин биринде болгон окуя боюнча милиция комментарий берди.

Кечээ, 7-октябрда укук коргоочу Камил Рузиев социалдык тармактагы баракчасына «Майыптыгы бар Каракол шаарынын 34 жаштагы тургуну Е.К.нын айтымында, ал милиция кызматкерлери тарабынан сабалган». Ал Ысык-Көл облустук ооруканасына жаткырылып, дарыгерлер ага баш мээнин жабык жаракаты деген диагноз коюшкан. Жабырлануучу Каракол шаарынын прокуратурасына жана президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 6-октябрь күнү саат 22:00 чамасында Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына телефон аркылуу 34 жаштагы тургун О.Э.ден билдирүү түшкөн. Ал ага таандык «Шашлычный двор» кафесинде бейтааныш кыз мас абалында эч себепсиз анын дарегине уят сөздөрдү айтып, жаңжал чыгарган.

Бул билдирүү Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталып, окуя болгон жерге милициянын өздүк курамы жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери 34 жаштагы Е.К. кафеде чыр чыгарып, коомдук тартипти бузуп жүргөнүн аныкташкан. Медициналык экспертиза көрсөткөндөй, Е.К. мас абалында болгон.

Окуя тууралуу маалымат берген О.Э жана билдирүүдө көрсөтүлгөн Е.К. эки тараптан тең көрсөтмө алуу үчүн Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген. О.Э. көрсөтмө берип жаткан учурда, Е.К. кайрадан жаңжал чыгарып, милиция кызматкерлеринин ишине тоскоол жараткан. Андан кийин милиция кызматкерлери аны башка бөлмөгө алып кетишкен.

«Бирок ал жерде да Е.К. милиция кызматкерлеринин бир нече жолку эскертүүсүнө карабай, адепсиз сөздөрдү айтып, өзүн агрессивдүү алып бара баштаган. Милиция кызматкери Т.К.га тиешелүү «Айфон Х-R» телефонун алып, күчү менен жерге ыргыткан. Натыйжада телефондун дисплейи бузулган», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына да катталган.

Бардык керектүү процедуралардан кийин Е.К ата-энесинин коштоосунда үйүнө чыгарылган.

«Милиция кызматкерлеринин бардык аракеттери видеого тартылып алынган. Ал жерде эч кандай кол салуу фактысы жок. Тескерисинче, Е.К. милиция кызматкерлерине адепсиз сөздөрдү айтып, аларды ур-тепкиге алуу аракеттери болгону айтылат. 7-октябрда Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына облустук бириккен ооруканадан Е.К. денесинен алган жаракаттары менен кайрылганы айтылат.

Бул билдирүү Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталган. Ошол эле күнү Каракол шаарынын прокуратурасына арыз менен Е.К кайрылган. Ал өз арызында милиция кызматкерлери ур-токмокко алганын айткан. Мындай билдирүү Каракол шаарынын прокуратурасында катталган. Облустук ооруканадан Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө мурда катталган билдирүү бир фактыга байланыштуу болгондуктан, билдирүүлөр бириктирилип, Каракол шаарынын прокуратурасында каралып жатат», — дешти ОИИБден.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE