Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү 4 жылдыздуу эс алуучу жайга айланат делген пансионаттын бүгүнкү абалы. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдүн түштүк жээгинде «Бустон» пансионаты жайгашкан.

Пансионат Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органдары менен Өзбекстандын юридикалык жактарынын ортосунда соттук териштирүүлөрдүн предмети болгон төрт объектинин («Алтын кум», «Рахат» жана «Дилором») бири.

  • Буга чейин пансионат «Юбилейный» деп аталып келген. 1976-жылы «Ташсельмаш» заводу (Өзбекстан) тарабынан курулган. Азыр пансионаттын имараты талкаланган, аймагы кароосуз калган.

2016-жылдын апрель айында мурунку премьер-министр Темир Сариев Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты Кыргызстандын менчигине өткөрүүгө кол койгон.

Алардын арасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагында жайгашкан, жалпы аянты 10,65 гектарды түзгөн «Бустон» пансионаты да бар.

Андан соң Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна аталган объекттердин мүлк комплексин инвентаризациялоо жана баалоо, сакталышын жана андан ары эксплуатациялоону камсыз кылуу, ал эми Ички иштер министрлигине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте пансионаттарды мамлекеттин менчигине кабыл алууга көмөктөшүү жана коопсуздукту камсыз кылуу тапшырмасы жүктөлгөн.

2017-жылдын декабрь айында Кыргызстан 4 пансионат жайгашкан жер тилкелерин Өзбекстанга убактылуу пайдаланууга берүү чечимин кабыл алган. Токтомго ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Анда объекттер жайгашкан жер тилкеси Кыргыз Республикасынын менчигинде калып, убактылуу пайдаланууга берилери айтылган. Ошол эле учурда өзбек тарап объекттерди Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан стандарттарга ылайык 3 же 4 жылдыздуу мейманканалардын деңгээлине жеткирүү үчүн белгилүү бир убакыттын ичинде каражат салуу милдетин алган.

Билдирүүдө айтылгандай, өзбек тарап курулуш мезгилинде, ошондой эле андан аркы иштөөдө жумушчу күчүнүн 80 пайызынан кем эмесин Кыргыз Республикасынын жарандарынан тартуу боюнча милдеттенме алган.

Дээрлик 5 жыл өттү, пансионат калыбына келтириле элек. Аймак урандыга айланды.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалымат базасында пансионат «Пансионат «Бустон» АК Узпромстройбанк» ЖЧКсы катары көрсөтүлгөн. Ишкана 2004-жылдын 20-октябрында катталган, жетекчиси болуп Тагаев Жиенбек Сайдуллаевич көрсөтүлгөн.

Уюштуруучусу — өзбекстандык акционердик-коммерциялык өнөр жай-курулуш банкы («Узпромстройбанк» АК).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE