Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жол кырсыктарын алдын алуудагы рейддик иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте уюштурулат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда май майрамдарындагы эс алуу күндөрүнө карата жол кырсыктарын алдын алуу максатындагы рейддик иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте уюштурулат.

Облустук ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан май майрамдарындагы эс алуу күндөрүнө карата аймактарда жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо, оор кесепеттер менен коштолгон кырсыктарга жол бербөө, мас абалында автоунаа башкарып, жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга мыйзамдуу чараларды көрүүгө багыттталган иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

ЖКККБ жалпы айдоочулардан, өзгөчө жүргүнчү ташуу менен алектенген автоунаалар менен тоолуу аймактардагы эс алуу жайларына жүргүнчү ташып барып келүүдө, ашык жүргүнчүлөрдү салбай, ар кандай жол эрежелерин бузууга жол бербестен, жолдо жүрүү эрежелин так сатоолорун суранат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE